Иван Мазепа (укр. Іван Мазепа, 1644—28. 8(8. 9). 1709, Бендеры) — Сол жээк Украинанын гетманы (16871708).

  • Украин дворянь үй-бүлөсүнөн, поляк королунун колунда тарбияланган.
  • Он жээк Украина гетманы П. Д. Дорошенкого (1669—73) жанa Сол жээк Украина гетманы И. Самойловичке (1674—81) кызмат өтөгөн.
  • 1682—86-ж. багакы есаул. 1687-жылдан Сол жээк Украинанын гетманы, при жер ээси.
  • Мазепа Украинаны Россиядан бөлүп алып, өзүнчө мамлекет түзуүтө аракеттенген.
  • Поляк королу Станислав Лещин­ский, кийин швед королу Карл XII менен жашырын сүйлөшкөн.
  • Түн. согушу (1700—21) мезгилинде 1708-ж. ачык эле Карл XII тарапка өткөн.
  • Полтава салгылашында (1709) шведдер жеңилген соң Мазепа түрктөрдун Бендеры чебине качып барып, ошо жакта өлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. - Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. - 656 б.