Фёдоров Иван Москвигин (1510-ж. ч. - 5(14). 12. 1583, Львов) - Россия менен Украинада китеп басууну негиздөөчү.

16-кылымдын 50-жылдары Москвадагы жашырын басмаканада иштеген. П. Мстиславец менен бирге (1563-64) «Апостолду» биринчи жолу баскан. Кошумча текстологиялык жана редактордук да ишти аткарган. Фёдоров басма шрифтти 16-кылымдын ортосундагы Москва жарым уставдык жазмасынын негизинде иштеп чыккан. 1566-жылы чиркөө кызматкерлери куугунтукталгандыктан Литвага, андан Львовго кеткен. 1574-жылы «Апостолдун» жаңы басылышын жана орустун биринчи окуу китеби «Азбуканы» чыгарган. Фёдоровдун төртүнчү басмаканасы Острогдо негизделип, анда да көп китеп басылган. Ал көптөгөн кесипке ээ болуп, ар тараптуу өнөрпоз болгон (замбирек куйган, көп стволдуу замбирек ойлоп чыгарган). 1909-жылы Москвада Фёдоровго эстелик тургузулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4