Игнитрон (лат. ignis - от жана (элек)трон)-жаалык разряд менен башкарылуучу, катоду сымап болгон бир аноддуу иондуу прибор.

Игнитрон кубаттуу түзөткүч түзүлүштөрдө, электр кыймыл бергичте, электр менен ширетүүчү түзүлүштөрдө, электрлештирилген т. ж. станциясында сымаптуу вентиль катары колдонулат. Аноддо оң чыңалуу болгондо катоддун күчтүү жарыктанган бир же бир канча участкасынан (катод тагынан) бөлүнүп чыккан электрондор анод менен катоддун арасында жаалык разрядды пайда кылат. Катод тагы жардамчы жаа менен түзүлөт. Амплитудасы ондогон ампер ток импульсун бир нече м-сек узактыкта электрод аркылуу өткөргөндө, негизги жаа күйөрдөн мурда ошол жардамчы жаа пайда болот. Жардамчы жаанын күйгүзүү моментин өзгөртүп, негизги жаанын күйө башташын башкарууга болот да, ошонун аркасында түзөтүлгөн анод тогунун максимумдан нөлгө чейинки орточо мааниси жөнгө салынат. Игнитрон аноддогу чыңалуусу 5 кв ко чейин болуп, 20-70 а ток күчүнө ылайыкталып чыгарылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.