Идиосинкразияорганизмдин клиникалык белгилери боюнча аллергияга окшош реакциясы; кээ бир тамак-ашка жана дарыга тукум куума өтө сезгич кишилерде болот.

Идиосинкразия кан басымы төмөндөйт, кан тамырлар жабыркап, териге жана былжыр челге кан куюлат, кандын кызыл жана ак бүртүкчөлөрү бузулат, ичеги-карын жолунун жана организмдин башка системаларынын иши начарлайт. Мындай бузулуу айрым ферменттердин жетишсиздигинен болот. Алдын алууда организмге жакпаган тамак-аш менен дарыдан сактануу керек.


  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8