Изобара (физикада) - термодинамикалык абалдын диаграммасында, басым турактуу (p=const) кезинде көлөмдүн температурага көз карандылыгын көрсөтүүчү сызык (к. Изобара процесси). Чоң басымда бул сызык кичине басымга көрсөтүүчү сызыктын төмөн жагынан өтөт. Идеалдуу газдын изобара теңдемеси: T/V=Const, мында V салыштырма көлөм, Т температура.

Колдонулган адабияттар түзөтүү