Изотерма процесси - физикалык системада туруктуу температура шартында өтүүчү процесс, термодинамикалык абал диаграммасында изотерма сызыгы менен сүрөттөлөт. Изотерма процесси системаны жылуулук өткөрүмдүүлүгү чоң термостатка жайгаштырганда жүрөт. Жылуулук алмашуу тез жүргөндүктөн, системанын температурасы термостаттыкынан айырмаланбайт. Изотерма процессине турактуу басымда кристаллдык катуу нерсенин эрүүсү жана суюктуктун кайноосу кирет. Берилген массадагы идеалдуу газда өтүүчү изотерма процесси Бойлъ-Мариотт законуна баш иет. Изотерма процессинде системага белгилүү санда жылуулук берилет (же жылуулукту өзүнөн берет), ал тышкы жумушту аткарат. Изотерма процессинде идеалдуу газдын аткарган жумушу NkTln(V2г)ге барабар, мында N газ бөлүкчөсүнүн саны, Т абсолюттук температура, V1 жана V2процесстин башталышы жана акырындагы газдын көлөмдөрү, k Больцман туруктуулугу. Катуу нерсе жана көпчүлүк суюктуктан, фазалык өтүү болбосо, изотерма процессде көлөм өтө аз өзгөрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү