Ийне терилүүлөр (лат. Echinodermata) - деңиз омурткасыз жаныбарларынын тиби. Узундугу бир нече ммден 1 мге чейин, тукум курут болгондору 20 мге чейин жеткен. Ийне терилүүлөр жылдыз (деңиз жылдыздары), гүл (деңиз лилиялары), тоголок (деңиз кирписи), курт же бадыраң (голотуриялар) ж. б. формада болот.

Ийне терилүүлөр.
Деңиз лилиялары.

Денеси ар кандай радиустагы бир нече бөлүккө бөлүнгөн. Эркин жашоочуларынын оозу курсак бөлүгүндө (оралдык), бөлүп чыгаруу жылчыгы жон жагында (аборалдык) болот. Бир нерсеге жабышып жашоочуларынын оозу, бөлүп чыгаруу жылчыгы бири бирине жакын жана дененин үстүнкү жагында жайгашкан. Скелетинде акиташ пластинкалары, алардан башка ийнечелери жана педицеллярийлери болот. Ийнечелер (өзгөчө деңиз жылдыздарыныкы 30 смге жетет) кыймылдоо милдетин аткарса, педицеллярийлер (деңиз жылдызында жана кирписинде) кыпчуур сыяктанып, коргонуу, денесин тазалоо кызматын аткарат. Нерв системасы оралдык нерв шакекчелеринен жана радикалдык нервдерден турат. Сезүү органдары начар өөрчүгөн. Ичегиси түтүк же баштыкчадай. Кан жүрүү системасын курсак, жон шакекче тамырлары жана радиалдык тамырлар түзөт. Атайын бөлүп чыгаруу органы жок. Алар жай кыймылдоочу, айрым жыныстуу деңиз жаныбарлары. Бардык ийне терилүүлөр жыныстык, кээ бирөө жыныссыз жол менен көбөйөт. Жыныс продуктуларын сууга таштап, жумуртканын уруктанышы жана түйүлдүктүн өөрчүшү сууда метаморфоз жолу менен өтөт. Көпчүлүгү жырткычтар, майда омурткасыздар, кээ бири суу өсүмдүктөрү менен азыктанат. Деңиздин түрдүү тереңдигинде кездешет. Алардын 2 типчеге кирген 6 миңдей түрү көбүнчө ар кандай туздуулуктагы бардык океан, деңиздерде жээктен тартып 11 км тереңдикке чейин таралган. И. т. балык ж. б. жаныбарларга жем болот. Кытайда, Японияда ийне терилүүлөрдүн түрлөрү (голотурия, деңиз кирписи ж. б.) тамак катары пайдаланылат. Жер Ортолук деңиздеги деңиз кирпилеринин икрасы тамакка колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү