"Ийне" (орус. Игла) – 1988-жылы Шакен Айманов атындагы "Казахфильм" студиясында тартылган советтик көркөм кинотасма. Режиссеру Рашид Нугманов, сценарийин Александр Баранов жана Бахыт Килибаевдер жазышкан.

Тасманын бет ачары 1988-жылы 16-сентябрда Алматыда, 1989-жылы Москвада болуп өткөн.

Тасмадагы башкы ролдорду рок-музыкант Виктор Цой ("Кино") жана Петр Мамановдор ("Звуки Му") ойношкон.

Сүжети түзөтүү

Моро (Виктор Цой) Спартак (Александр Баширов) бербей жүргөн акчасын кайтаруу үчүн Алматыга келип, ал жерде эски дос кызы - Динаныкына (Марина Смирнова) конот. Көп өтпөй Моро дос кызынын наркоман болуп калганын, батири болсо, баңгизат сатуучу жайга айланганын билет. Моро кызды өзүнүн өтүнүчү менен Арал деңизине алып барат. Кыз ал жерде айыга баштайт. Бирок шаарга кайткандан кийин бары кайра башталат. Ошондо Моро баңгизат тараткандарды тындым кылууну чечет. Бирок, хирург Артур (Петр Мамонов) аттуу баңги зат тараткан бирөөнүн аркасында таасирдүү кишилери болот. Алар кыштын бир кечинде Морого киши өлтүргүч жиберишет.

Тартылгандар түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

  • 1988 – Одессадагы "Золотой Дюк" кинофестивалындагы "Өзгөчө көз караш" конкурсунун киноклубдар байгеси.
  • 1990 – Нюрнбергдеги Эл аралык кинофестивалдын баш байгеси.

Башка ийгиликтери түзөтүү

  • Тасма совет прокатынын эң алдыңкыларынын бири болгон. Экранга чыккан алгачкы жылы (1989-жылдын 11 айында) тасманы 14, 6 млн киши көргөн (жергиликтүү тасмалардын арасында 2-орун)
  • "Советский экран" журналынын жылдык сурамжылоосунда Виктор Цой 1989-жылдын мыкты актеру болгон.

Шилтемелер түзөтүү