Инфратүзүм

Инфраструктура‎»‎ барагынан багытталды)

Инфратүзүм (лат. infra – төмөн, алдында жана түзүм) ― маселелерди (милдеттерди) чечүү үчүн негизди камсыз кыла турган тейлөө түзүмдөрүнүн (түзүүчүлөрүнүн) өз ара байланышкан топтому.

Түшүнүк XX кылымдын 40-жылдарынын аягында экономикалык адабиятта өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшүн (жол, канал, порт, көпүрө, аэродром, кампаларды куруу, энергетпка чарбасы, темир жол транспорту, байланыш, суу менен жабдуу жана канализация, жалпы жана кесиптик билим берүү, илимге, саламаттык сактоого чыгымдар жана башкалар) тейлөөчү экономика тармактарын белгилөө үчүн пайда болгон.

Инфратүзүмдүн түрлөрү:

  • түздөн-түз материалдык өндүрүштү (транспорттун бардык түрү, байланыш, электр линиясы, суу менен камсыз кылуу жана башкалар) тейлөөчү тармакты камтыган өндүрүштүк инфратүзүм;
  • социалдык инфратүзүм, соода, турак жай коммуналдык чарбасы, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагы, турмуш-тиричилик жактан тейлөө ишканалары жана башкалар материалдык эмес өндүрүш тармактары кирет;
  • рынок механизминин иштөөсүн камсыз кылуучу материалдык, технологиялык жана башкалар мүнөздөгү субъектилерди камтуучу рыноктук инфратүзүм;
  • комплекстерди аймактык тейлөөчү жана алардын рынок коньюнктурасынын өзгөрүшүнө, ыңгайлашуусуна өбөлгө болуучу товардык, сырьёлук, эмгектик, каржы инвестициялык, маалыматтык каражаттарды ички эркин жана аймак аралык которуштурууну камсыз кылуучу, уюштуруу-экономикалык тутумду камтыган аймактык инфратүзүм.

Булактар түзөтүү

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7