Иньекциядарылардын аз өлчөмүн эритме же эмульсия түрүндө ийне менен шприц аркылуу териге, тери астына, булчуңга же венага куюу ыкмасы.

Дарыны ичкенге караганда Иньекция түрүндө организмге анын так өлчөмү кирет, тез таасир этип, натыйжалуу. Мында дарыны оорулуунун түрдүү абалында (аң-сезим жоготкондо, жута албай калганда) куюуга болот. Дарыны плевра, муун көңдөйүнө жана башка жиберүү жергиликтүү таасир берет. Иньекцияны кан тамырлар менен нервдерге тийгизбей, дененин белгилүү гана жерине асептика эрежелерин колдонуп жасоо керек. Териге Иньекция анестезия үчүн жана диагностикалык максатта (мисалы, туберкулёзду табуудагы Манту реакциясы) колдонулат. Тери астына ийне бүк- төлгөн теринин 2—3 см тереңдигине сайылат.

Булчуңга Иньекция жамбашка жасалат. Жүрөккө Иньекция жүрөк капысынан токтоп калганда (мисалы, электр тогу урганда, газ, наркоз менен ууланганда) жасалат. Жүлүн каналына анестезия үчүн жана кээ бир ооруларды дарылоого колдонулат. Суюктуктун көп өлчөмү (250—300 мл) венага, тери астына организм суусузданганда, тынбай кусууда, шок, коллапста жана башка тамчылатып куюлат.

Балдарга тери астына көп өлчөмдө суюктук куюлбайт, себеби ал жакшы тарабайт. Аларга 50—100 млден көп эмес суюктук баштын веналарына тамчылатып куюлат.


Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8