Ин жана Ян – байыркы Кытай натура философиясы негизги түшүнүгү. Конфуцийдин «Өзгөрүүлөр» китебинде «ян» жана «ин» аркылуу жаратылыштагы жарык менен караңгыны, катуу менен жумшакты, пассивдүү менен активдүүнү, муздак менен ысыкты, аял менен эркекти жана башка ушул сыяктуу бирине-бири каршы жана бирине-бири өтүп туруучу күчтөрдү белгилешкен. Ин жана Ян бирдиктүү башталыш болгон – Ци түшүнүгүнөн эки чети катары түшүндүрүлөт жана анын өнүккөн этабы «беш стихияга» туура келет (дарак, от – ян; жер – нейтралдуу; темир, суу — ин). Неоконфуций окуусунда Ин жана Ян — жаратылыштагы токтоп туруунун жана кыймылдын көрүнүштөрү катары берилген. Ин жана Ян жөнүндөгү түшүнүктөр Кытай медицинасы, химия, музыка жана башка илим тармактарынын теориялык негиздерин иштеп чыгууда кеңири колдонууга ээ болгон.[1]

Ин жана Ян.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  1. Инь-Ян символунун мааниси жана принциптери