Иоанн Павел II, Кароль Юзеф Войтыла (18. 5. 1920, Польша, Вадовище ш.2. 4. 2005, Рим) – 264-шайланган Рим папасы (1978-2005), саясий жана коомдук ишмер. 1958-ж. Краков епископу, 1964-ж. архиепископу жана митрополити. 1967-ж. кардинал наамын алган. 1523-жылдан бери италян эмес улуттан Рим папасы болгон биринчи киши. Марцин Вадовите атындагы гимназияны бүткөндөн (1938) кийин, Краков шаарындагы Ягелон университетинин философия факультетине тапшырган. 2-дүйнөлүк согушта Польшаны немистер басып алганда университет жабылып калган. Ал жашырын иштеген Рапсодия театрын уюштуруунун демилгечилеринен актёр жана режиссёр, ошондой эле шахтада, «Солвей» концернинин химиялык өндүрүштүк мекемесинде жумушчу болуп иштеп, дин семинариясына катышып турган. Кийин Рим, Швейцария жана Бельгия университеттеринин философия факультетинде окуган. 1948-ж. өз мекенине кайтып келип, Краков, Католикалык университеттеринде иштеп, теология илимдер доктору наамына ээ болгон. Философия жана теология илимдери боюнча көптөгөн эмгектердин автору. Ал ар түрдүү диндеги мамлекеттердин тынчтыкта жанаша жашоосуна, дүйнөлүк диндердин жана алардын тармактарынын өз ара жакындашуусуна зор салым кошкон. Рим папаларынын арасынан биринчи болуп чиркөөлөргө жана мечиттерге расмий жолугушууларга барган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү