Иондошууатом же молекулалардын бир же бир нече электронун жоготуусунун натыйжасында оң иондордун пайда болушу. Айрым бөлүкчө гана эмес, анын көптөгөн жыйындысы (газ, суюктук жана катуу зат) да иондошот. Газ жана суюктуктагы иондошуу электр нейтралдуу бөлүкчөнү иондоо үчүн иондоо энергиясы (W) сарп кылынат. Бөлүкчөдөн (атом, молекула) бир электронду кошуп алып, оң иондорду пайда кылуу иондошуунун эң жөнөкөй түрү. Ар бир химиялык элементтин, бирикменин атом жана молекулаларынын ушундай иондошуу жөндөмдүүлүгү иондошуу потенциалы менен мүнөздөлөт. Бөлүкчөнүн иондошуусунун көп жолу бар: согуу, көп ирет, тепкичтүү, температуралык жана фотондук иондошуу. Иондолуучу бөлүкчөгө иондошуу энергиясы W башка бөлүкчөнүн урунуусу менен берилсе, анда бул согуу иондошуусу деп аталат. Эгер иондолуучу бөлүкчө дүүлүккөн абалда өзүн салыштырмалуу узакка кармаса, анда мындай бөлүкчөгө ар бир урунууда Wдан аз энергия берилсе да, бир нече жолу урунгандан кийин иондолсо, тепкичтүү иондошуу деп аталат. Жогорку температуралуу (103-104 Едек кем эмес) газда кинетикалык энергиясы чоң бөлүкчөлөр урунушканда, алардын кинетикалык энергиясынын эсебинен өз ара иондошуу жүрсө, темиралык иондошуу болуп эсептелет. Газ жана суюктук бөлүкчөсү жарык таасири менен да иондошот. Лазер нуру энергиясынын аздыгынан көп тепкичтүү иондошууну ишке ашырат, башкача айтканда бөлүкчө энергиясы төмөн бир нече фотонду жуткандан кийин фотондук иондошуу жүрөт. Газ бөлүкчөсү чыңалышы 109 В/мден кем эмес күчтүү электр талаасында иондошуп, газ плазмага айланат. Газ жана суюктуктагы иондошуу процесси менен бир эле учурда ага каршы процесс болгон, ион менен электрон кайрадан биригип, нейтралдуу бөлүкчөнү түзөт. Катуу нерседеги иондошуу электрон валенттик тилкеден өткөрүмдүүлүк тилкесине которулганда катуу нерсенин атомунун заряддалган ионго айлануу процесси. Катуу затта да температуралык жана фотондук иондошуу болот. Катуу зат аркылуу заряддалган жана нейтралдык бөлүкчөлөр өткөндө да ал иондолот. Тышкы күчтүү электр талаасынын таасири астында бөлүкчө уланма иондолот жана катуу зат электрдик тешилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү