Ичеги көңдөйлүүлөр (лат. Coelenterata же Radialis) – омурткасыз жаныбарлар бөлүмү. Ичеги көңдөйлүүлөр дээрлик бардыгы деңизде сүзүп жүрөт же кыймылсыз бир нерсеге бекип жашайт. Алар полиптер деп аталат. Түзүлүшү радиал симметрлүү. Аларды эки катмарын экто жана энтодермасын мезоглей бөлүп турат. Көпчүлүгүнүн денеси цилиндр түрүндө, баш жагында тинтүүрлөрү менен курчалган ачык баштыкка окшош оозу жайгашкан, анда тамак сиңирүү жүрөт, бөлүп чыгаруучу тешиги жок, эрибеген тамак калдыктары кайра оозу аркылуу сыртка чыгарылат. Көпчүлүк полиптер башында жалгыздан жашап, кийин бөлүнүп отуруп жүздөгөн, миңдеген окшош особдордон турган колония (мономорфтук) түзөт. Ал эми особдорунун түзүлүшү, аткарган функциялары да ар түрдүү болгон колониялар полиморфтук деп аталат. Ичеги көңдөйлүүлөрдүн 3 классы (гидрозон, сифоид медузалар, коралл полиптери), 900дөн ашык түрү бар.

Corallium rubrum.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Калып:Bio-stub