Ички дүң өнүм

макроэкономикалык көрсөткүч
Ички Дүң Продукт‎»‎ барагынан багытталды)

Ички дүң өнүм же ички дүң өндүрүм (ИДӨ) ― белгилүү убакыт ичинде (жыл, чейрек, ай), өлкө аймагында чыгарылган товар жана тейлөөнүн жалпы наркын көрсөткөн эң негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн бири. ИДӨ төмөнкү ыкмалар менен эсептелиши мүмкүн: а) экономиканын бардык тармактарында кошулган нарктардын суммасы (өндүрүштүк ыкма); б) өндүрүш факторлорун колдонуудан түшкөн кирешенин суммасы (бөлүштүрүү ыкмасы); в) жыл ичинде товар жана тейлөөго кеткен чыгашанын суммасы. Улуттук эсептер тутумунда, ИДӨ негизги макроэкономикалык көрсөткүч катары пайдаланат.

Ички дүң өнүм (2006-жылы)

Булактар түзөтүү