"Ишенимдүүлүк" (англ. Persuasion) - Жейн Остиндин акыркы толук жазылып бүткөн романы. Чыгарма 1817-жылдын аягында, жазуучунун өлүмүнөн алты ай өткөндөн кийин басылып чыккан.

Нортенгер кечилканасы жана Ишенимдүүлүк.

Романда 27 жаштагы англиялык айым Энн Эллиоттун жашоосун баяндалат, анын үй-бүлөсү чыгашасын азайтып, карыздардан кутулганы жана согуш аяктап, матростор жээкке чыгуусу да кошо сүрөттөлөт. Алар үйүн Адмирал менен анын аялына ижарага беришет. Аялынын агасы капитан Фредерик Уэнтворт, 1806-жылы Эннге турмушка чыгуу сөзүн айтып кетет, жети жыл өткөндөн кийин алар кайрадан жолугат. Жолугууларынын күлкүлүү сахналары жана Энн Эллиот сүйүүнүн жана турмушка жыгуу мүмкүнүчүлүгүнүн экинчи демин жашаганы сүрөттөлгөн.

Роман 19-кылымдын башталышында, коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган. Жазуучу 20-кылым бою уланган жана 21-кылымда туруктуу болгон данкка ээ болгон. Остиндин чыгармасы боюнча илимий тартыштар китептин басылып чыкканынан бери башталган. Жазуучунун башка каармандарына караганда Энн Эллиот салыштырмалуу бойго жеткен аялдар сымал. "Ишенимдүүлүк" Остиндин акыркы толук жазылып бүткөн романы болгонунан улам, 40 жашка келген аялды көрсөтүчүү адабий концептин көрсөнкөн Остиндин ойлонуп туруп иштелген романы болуп эсептелет. "Акылдуулук менен сезгичтик" (англ. Sense and Sensibility) жана "Намыс жана сокур ишеним" (англ. Pride and Prejudice) романдарындан айырмаланып, "Ишенимдүүлүк" Остиндин 1800-жылына чейин жазган жазууларынан алынган эмес. Жазуучу баяндамада колдонгон эркин кыйыр дискурс 1816-жылы толугу менен өнүгүп көп учурда кездешкен. "Ишенимдүүлүк" романын биринчи басылышы жазуучунун 1803-жылы жазылган бирок басылып чыкпаган "Нортенгер аббаттыгы" (англ. Northanger Abbey) романы менен чогу жарыкка чыккан, кийинчирээк эки романдын басылышы айрым басылган.

Романдын популярдуулугу экранга адаптацияланган эки тасмада чагылдырылган, алар алгач Британияда жарык көргөн. 1995-жылы башкы ролунда Аманда Рут менен Киаран Хайндс ойногон тасма чыккан, кийинчирээк ITV1 каналына жасалган Салли Хокинс Руперт Пенри-Жонс менен бирге ойногон 2007-жылкы версиясы экранга чыккан.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү