Йога (санкриптчеден «чыңалуу», «терең ой жүгүртүү», «таанып билүү», «ой топтоо») – бул мектеп биздин заманга чейин 2-кылымда жашаган индиялык акылман Патанджали тарабынан негизделген. Бул мектеп санкхья окуусунун таанып билүү теориясы менен онтологиясын тең бөлүшөт. Анткени, йога да, санкхья сыяктуу эле дүйнө пракрити (материя) жана пуруша (идея) өңдүү эки башаттан турат деп ырастаган дуалисттик окуу. Бирок, ошондой болсо да, йога азаптан арылуунун тажрыйбалык ыкмаларын иштеп чыккандыгы менен өзгөчөлөнүп турат. Йога окуусу адамдагы материалдык ыплас нерселерди жок кылууга жана аны андай ыпластыктан оолактатууга далалаттанат. Бул окуу боюнча адамдын аң-сезими гуналардан (касиеттер) көз каранды. Тамас жана раджас өңдүү пас гуналардын үстөмдүк кылышы чексиз азаптардын болушун шарттайт. Йогада азаптардын төмөнкүдөй беш түрү айырмаланат: 1) авидья –материалдуулуктун ыплас дүйнөсүн ыйыктык, оомалуу-төкмөлүүлүктү түбөлүктүк, жагымсызды жагымдуу, пастыкты бийиктик катары кабыл алуу менен байланышкан билбестиктен жаралган азап; 2) асмита – адам өзүн кудайга теңөө менен байланышкан азап; 3) рага – адамдын ыплас, пас дене кумарларына кумтулуусу менен байланышкан азап; 4) двеша –азаптан, оору-сыркоодон коркуу менен байланышкан азап; 5) абхинивеша – өлүмдөн коркуу менен байланышкан азап. Бул азаптардан кутулуу үчүн адам өзүн чыдамкайлыкка тажрыйбалык машыгунун төмөнкүдөй негезги сегиз удаалаш тепкичин басып өтүүсү абзел: Яма (каалоорду ооздуктоо): а) тирүү жандыктарга, башка бирөөнүн өмүрүнө зыян келтирип, алардын убалына калбоо (ахимса); б) жалган сөз сүйлөбөө; в) уурулук кылбоо; г) сезим рахаттары менен кумарларынан алыс болуу; д) белек албоо. Нияма (сабырдуулук, токтоолук, чектен чыкпоо): а) жакшы адаттарды көнүмүшкө айландыруу; б) денени суу, жанды (акылды) кудай тууралуу жакшы ойлор жана оң эмоциялар менен тазалоо (булардын ичинен адамдарга жакшы мамиле кылууга өзгөчө көңүл бурулат); в) дене азаптарына көнүү. Негизи нияма дене менен жан дүйнө сергектигинин этикалык маданияты болуп саналат. Асана (денени машыктыруу) денени жана жан дүйнөнү ар кандай татаалдыктагы, позалар (алардын саны 80 ге жакын) менен жакшыртуу, ой жүгүртүүгө ыңгайлуу болгон абалдарга денени көндүрүү. Бул позалар татаалдыгы, узактыгы менен айырмалангандыктан, адистин жетекчилиги астында гана жасоо талапка ылайык. Пранаяма (дем алууну жөнгө салуу) – мында комментарий талап кылынбайт. Айрым йогдор ой жүгүртүү ыңгайлуу болсун үчүн нормалдуу дем алууну жайлатып, үстүртөн дем алып же кандайдыр бир мезгилге чейин аны токтото алышат. Пратьяхара (сезимдерди жөнгө салуу) – мында сезимдер объекттерден ажыратылышат да, адам эч нерсе көрбөгөн, укпаган абалга жетет. Дхарана (көңүл буруу) – мында көңүл кандайдыр бир объектке топтолот (мисалы, адам болгон көңүлүн өз киндигине, мурдунун учуна, айга жана башкага бурат). Дхьяна ( ой жүгүртүү) – мында көңүлдү объектилүү ой жүгүртүү. Самадхи (ой топтоо) – мында предметке көңүл гана бурулбастан, аң-сезим ошол предмет менен жуурулушуп кетет. Ой жүгүртүүнүн эң маанилуу предмети болуп Кудай эсептелет. Кудай – эч кемтиксиз, түбөлүктүү, баарына сүңгүп кире алган, баардыгын билген кудурети күчтүү жандык. Йога окуусу боюнча өз алдынча жашаган пракрити менен пуруша бири бирине бириге албайт. Аларды кудай гана бириктирет. Адамдын денеси менен жанынын биригиши адриштадан (пешенеге жазылган тагдыр), б. а. адамдын адеп-ахлагынан көз каранды. Адамдын жаны материалдуу дүйнө менен убактылуу гана кошулгандыктан, ал өз денесин гана «мен» деп туура эмес түшүнөт. Чыныгы «мен» болуп анын өлбөс-өчпөс, жамандык менен азаптан, өлүм менен материалдуу дүйнөдөн сырткары жашаган жаны саналат. Кудайга карата «ой топтоо» жана «ой жүгүртүү» адамды тазартып, кудайга жакындаштырат.