Йогачаралар (йогачары) (виджнянавада) – түндүк буддизми болуп саналган махаянадагы диний-философиялык мектептин өкүлдөрү. Мектептин негизги идеялары 2-кылымдын ортосунда «Сандхинирмочанастура» деп аталган эмгекте пайда боло баштайт. Й. окуусу индиялык ойчул Асанга (4–5-кылымдар) тарабынан «Йогачарьябхуми», «Махаянасампариграха» жана «Абхидхармасамуччая» деп аталган эмгектерде иштелип чыккан. Асанганын бир тууганы философ Васубандху мектептин негизги жоболорун өзүнүн «вьякхьяюкти», «Вимшика» жана «Тримшика» деп аталган эмгектеринде системалаштырган. Йогачарлардын арасынан виджнянавадиндер чыккан. Виджнянавадиндердин буддалык логиканын негиздөөчүсү Дигнага 5-кылымдагы жана Дхармакирти 6-кылымдын аягы тарабынан иштелип чыккан логикасы Асанга менен Васубандхунун «философиялык» багытынан бир кыйла айырмаланган. Дхармакирти тарабынан иштелип чыккан буддалык логика кеңири таралып, тибет жана монгол тилдеринде жазылган көп сандаган илимий адабияттардын жаралышына өбөлгө болгон. Кытайда Й. окуусу Парамартхи (546) жана Сюань-чжуан (650) сыяктуу илимпоздордун котормолору аркылуу белгилүү болгон. Й. аң-сезимдин түркөйлүгүн баса белгилешкен жана сырткы дүйнөнүн реалдуулугун четке кагышкан. Болмуштун элементтери болуп саналган дхармалар өз алдынча жашай алышпайт жана аң-сезимдин ишмердигинин натыйжасы болуп саналат. «Философиялык» багыттагы йогачарлар «аң-сезим берметтери», б. а. индивиддин өткөн турмушун чагылдырган аң-сезимдин керемет касиеттери тууралуу окууну иштеп чыгышкан. Й. окуусуна ылайык реалдуулуктун төмөнкүдөй үч түрү жашайт: 1) элес (кыял), 2) учурдагы чындыкты чагылдырган аң-сезим, 3) материалдуу дүйнөдөн бөлөк жашаган абсолюттуу аң-сезим. Башка буддалык окуулар сыяктуу эле абсолюттуу аң-сезимди таанып-билүүнүн каражаты катары йогалык билимдерди атаган (кара: Йога).

чиркөө Кёмидзу-дера Киото,алып келген салт хоссо сакурынын гүлдөгөн убакытында





Колдонулган адабияттар түзөтүү