Каарман (англ. character, кээде "көркөм чыгарманын каарманы" (англ. fictional character) катары кездешет) - искусствонун кайсы бир чыгармасынын (роман, пьеса, телевизиондук сериал же тасма) эң негизги ролду ойногон адам же башка бир жандык. Каармандар реалдуу же ойдон чыгарылган болот, ушундай учурларда "ойдон чыгарылган" менен "реалдуу" каармандардын айырмачылыктары мүнөздөлүп берилет.

Дон Кихот.

Грек тилинен келген χαρακτήρ сөзү, англис тилинде Стүарттардын Реставрациясынан келип чыккан, бирок бул сөз 1749-жылы жарыкка чыккан "Том Жонс" (англ. Tom Jones ) чыгарманын пайда болушунан кийин гана кеңири колдоно баштаган. Ошол жылдан соң "актер ойногон оюн" деген ой пайда болуп өнүгө баштаган. Театр же тасмада ойногон каарман "адам болуу иллюзиясы" дегенди билдирет. Адабий чыгармаларда болсо каармандар окурмандарга чыгарманын маанисин жана сюжеттерин түшүнүүгө жардам беришет. 18-кылымдын аягынан баштап, "образга кирүү" - актерлордун мыкты роль аткаруусуна колдонулган фразасы болуп келген. 19-кылымдан бери актерлордун каармандын ролун ойноосу же жазуучулардын каарманды сүрөттөшү "мүнөздөмө" деп аталат.

Белгилүү бир класс же топтун өкүлү болгон каарман "түр" деп аталат. Каармандардын түрлөрү экиге бөлүнөт: "бир канча каармандар тобу" жана "жеке көз карандысыз каармандар". Мисалы, Генрик Ибсендин "Гедда Габлер" (англ. Hedda Gabler, 1891) жана Август Стриндбергтин "Мисс Жүли" (англ. Miss Julie, 1888) чыгармаларынын каармандары коомдо белгилүү бир класска жана жыныска караштуу, каармандар ортосунда болгон кагылышуулар идеалогиялык мүнөздүү.

Каарманды мүнөздөш үчүн аны чыгармадагы баардык каармандар менен болгон мамилесинин анализ кылыш керек. Каармандын жеке статусу башка каармандар менен курган бир ирет каршылыктардан (проаритикалык, прагматикалык, тилдик жана проксимдик) улам анык болот. Каармандар жана окуяда болгон аракеттердин ортосундагы байланыштар коомдогу жылыштарды жана анын адам индивидуалдуулугу, өз өзүнө баа берүү жана коомдук түзүлүшү жөнүндөгү ойлорун улам жылдырып тарыхый түрдө өзгөрөт.

Шилтемелер түзөтүү