Кадыр түн (араб тилинде:‎ لَيْلَةِ الْقَدْرِ — лайлату-ль-кадр дининде күчтүү) – ислам дининде белгиленүүчү рамазан (орозо) айынын 27-түнү. Мусулмандардын түшүнүгү боюнча Алла Мухаммедге курандын алгачкы «фаатиха» «Ачуучу сүрөөсүн» рамазан айынын 27-түнү түшүргөн. Ал «Духан» (44) жана «Кадр» (97) сүрөөлөрүндө кадырлуу, кайталангыс «куттуу түн» катары каралып, ошол түндүн артыкчылыктары жөнүндө айтылат. Бул түнү чыныгы мусулмандар таң аткыча уктабастан, Кудайга кулчулук кылып, жакшылыктарды тилеп, куран окуп өткөрөт. Аллага ыраазычылыгын билдирип, алкыш айтуу менен көңүлүндөгү ыйык сакталган сырларын кабыл кылуусун тилешип, мечитте же үйлөрүндө тосушат, бул тилектер сөзсүз кабыл болоруна жана бул түн «миң айлык ибадаттан» да жогору турарына ишенишет. Мусулмандардын ишениминде Алла тарабынан адамдын тагдыры белгиленип, бакытка, байлыкка жолугат.

Кадыр түн
араб. لَيْلَةِ الْقَدْرِ
Кадыр түн араб. لَيْلَةِ الْقَدْرِ
Түрү Исламдык
Официалдык аты Аль-Кадр
ошондой эле Ляйляту ль-кадр, аль-Кадр
Мааниси Күнөөлөрдүн кечирилишин суроо
Белгилешет мусулмандар
Башталган күнү Орозонун 27-чи күнү
Бүткөн күнү 28-сине караган түнү
Майрамдоо Мечтитте, үй-бүлөдө, достор менен
Салты мечитте ибадат кылуу, куран окуу
Байланышы Рамазан

Колдонулган адабияттар түзөтүү