Казан хандыгы (1438-1552) ( тат. Казан ханлыгы, Qazan xanlığı, قزان خانلغی‎) – Орто Волга боюндагы феодалдык мамлекет. Алтын Ордодон бөлүнүп чыгып, Волга-Кама Булгариясынын аймагында түзүлгөн. Казан хандарынын династиясын Улуу Мухаммед (1438-45) негиздеген. Калкы казандык татарлар, марылар, чуваш, удмурт, мордва жана башкырттар. Дыйканчылык, кол өнөрчүлүк менен кесиптенишкен. Россия, Сибирь, Кавказ жана Чыгыш өлкөлөрү менен соода жүргүзгөн. Башкы бийликти хан жүргүзгөн. Мусулман дини зор роль ойногон. Казан хандыгы даругдарга (округдар) жана улустарга (вилайеттерге) бөлүнгөн. Аскери хандык гвардиядан, жеке феодалдардын отряддарынан, феодалдарга салык төлөгөн эркин дыйкандардан куралган. Казан хандыгы түзүлгөндөн баштап эле орус жерине жортуулдар жасап, 16-кылымдын 20-жылдары күчөгөн. Казан аскерлеринин орус жерлерине талоончулук кол салуулары ийгиликсиз аяктаган. Казан хандыгы 1487-1521-ж. Россияга, 1524-жылдан Түркияга вассалдык көз карандылыкта болгон. Казан казаттарынан (1545-52) кийин Казан хандыгы жоюлган. Орто Волга бою Россияга бириктирилген.

Географиясы түзөтүү

Хандыктын аймагы түзөтүү

Дарыялары түзөтүү

Шаарлары түзөтүү

Тилдери түзөтүү

Казан хандыгынын калкы түзөтүү

Социалдык статусу түзөтүү

Дин түзөтүү

Экономика түзөтүү

Аскердик күчтөр түзөтүү

Москва мамлекети менен байланышы түзөтүү

Казанды басып алуу түзөтүү

Казан хандары түзөтүү

 
Казан хандарынын көрүстөндөрү

Ошондой эле кара түзөтүү

Эскертүүлөр түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү