Казбек чокусу

Грузия менен Орусиянын чек арасындагы тоо

Казбек чокусу - (грузинче Мкинвари муздуу тоо; осетинче Урсхох ак тоо) – Кавказдын эң кооз жана бийик чокуларынын бири. Чоң Кавказдын борбордук бөлүгүндөгү Каптал кырка тоосунун бийик чокусу. Бийиктиги 5033 мге жеткен жанартоо конусу. Грузия менен Түндүк Осетиянын чек арасында. Дарыялар капчыгайынан Аскер-Грузин жолуна жакын тик көтөрүлөт. Капталдарын субальп шалбаасы, андан өйдө кар-мөңгү ээлейт. Өрөөн мөңгүлөрү (Девдораки, Мна, Суатиси ж. б.) басымдуу, мөңгүлөрдүн жалпы аянты 135 км2. Гергети мөңгүсүндө бийик тоо метеостанциясы жайгашкан. Альпинизм жана тоо туризминин борбору. Чоку тоо этегиндеги Казибеги (Казибек князынын) айылынын атынан аталган.

Казбек чокусу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү