КазертаИталиянын түштүгүндөгү шаар. Кампания облусунун аймагында. Казерта провинциясынын административдик борбору. Калкы 84,2 миң (2008). Туризмдин борбору. Алгачкы тургун жайы 8-кда пайда боло баштаган. Ак сарай-парк комплекси, театр, 5-тектирчелүү 3 ризалиттүү сарай фасады (узундугу 252 м) бар. Комплекстин борборунан канал кетип (узундугу 3 км), тоонун этегинде паркка чейин созулуп, Неаполго кетчү жолду кесип өтөт. Анын курамына англиялык ботаник Э. Грэфер уюшгурган экзотикалык өсүмдүктөрү менен өзгөчө кооздук берген парк да кирет. Резиденцияны суу менен камсыз кылуу үчүн акведук (1753-69) курулган. Король Фердинанд IV ачкан жибек фабрикасы кийинчерээк Сан-Леучо чеберлеринин королдук колониясына айланган. Ак сарай, парк, акведук жана Сан-Леучо Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Жибек кездеме өндүрүшү, цемент, тамеки, шарап, зайтун майын сыгуучу өнөр-жай ишканалары иштейт.

Казерта.

Колдонулган адабияттар түзөтүү