Казы – мусулман өлкөлөрүндө мусулман укугунун жана үрп-адаттарынын негизинде иш алып барган адам (укук таануучу). Орто кылымдарда казылар документти күбөлөндүрүүчүнүн (нотариустун) да милдетин аткарышкан, жетимдерди кароого алышкан же аларды көз салуучу адамдарга дайындашкан; граждандык, кылмыш иштери боюнча өкүмдөрдүн аткарылышын көзөмөлдөп, соттук иштерди жүргүзүшкөн ж. б. Мусулман укугунун негизинде каралган иштерге – соттун курамына Казыдан башка муфтийлер жана аглямдар киришкен. Казылыкка – жогорку катмардан чыккан жана медресени бүтүргөн, мусулман укугун өздөштүргөн, муфтийлер тарабынан кабыл алынуучу экзаменден өткөн адамдар гана хан тарабынан дайындалган. Казылар соттук функциядан башка диний кызматтарга орношууга, мамлекеттен айлык алууга акылуу болушкан. Орто Азия хандыктарында 19-кылымда казылар сот системасынын түзүлүшүнө байланыштуу: 1. Казы-калян – жогорку сот; 2. Казы-кузат–каляндан кийинки экинчи орунду ээлеген ага сот; 3. Казы-аскер-соту; 4. Казы-раис болуп бөлүнүшкөн. Айрым учурда казылар үй-бүлө, дин жана мурастоо иштерин кароо менен чектелген. Египет, Тунис, Түрк ж. б. мусулман өлкөлөрүндө шарият сотторунун жоюлушу менен казы ин-ттары жабылган. Кыргызстанда жана Орто Азияда казы соттору 1927–28-ж. биротоло жоюлган.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.