Каз сымалдар (лат. Аnseriformes) – сууда сүзүүчү куштар түркүмү. Бутунун, булчуңдарынын, таңдай, колко, тамак сиңирүү мүчөлөрүнүн ж. б. түзүлүшүнө карата 2 түркүмчөнү (паламедея жана каздар) бириктирет. Алар сырткы түзүлүшү жана биологиясы боюнча ар түрдүү. Паламедеялар түркүмчөсүнүн өкүлдөрү байыркы жана өтө жөнөкөй куштар. Каз сымалдардын өрдөктөр тукумунун түрлөрү жер бетинде кеңири таралган. Кыргызстанда 26 түрү (чумкугучтар, кадимки өрдөктөр, арам өрдөк, каздар ж. б.) бар. Сууда жакшы сүзөт, жерге, бак-дарак, аска, жарлардын коңулдарына, ийинге уялап, 20га чейин жумуртка тууйт. Көпчүлүгү тропик, субтропик ж. б. жылуу жактарга барып кыштайт.

ышылдак куу (Cygnus olor).

Колдонулган адабияттар түзөтүү