КайруанТунистин түндүк-чыгышындагы шаар. Калкы 102 миң (1999). К. магриб мусулмандарынын зыярат кылуучу жайы. Шаар 670-ж. негизделген. 9-кылымда Аглабиддер мамлекетинин борбору болгон. 11-кылымда бедуиндер шаарды бүлгүнгө учураткан. 1881-ж. француз колониячылары басып алган. 1956-жылдан көз каранды эмес Тунистин курамында. Өлкөнүн маанилүү тарыхый, диний жана соода, кол өнөрчүлүк борбору. Килем токуу, булгаары буюмдарды жасоо жана тамак-аш өнөр-жай өнүккөн. Түндүк Африкадагы эң эзелки Сиди-Окба мечити (670ж. курулуп, 836-ж. кайрадан салынган; бир нече жолу толукталып, 13жана, 17-кылымда, андан кийин да реставрацияланган) сакталган.

Кайруан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү