Какшал, Какшаал дарыясы - Кыргызстани (Ат–Башы ооданы) менен КЭРдин аймактары аркылуу аккан дарыя, Таримдин алабы. Жогорку агымында Ак-Сай аталып, жана Мудурум суулары кошулгандан кийин Какшал деп аталат. Ак-Сай Ат-Башы кырка тоосунун туш капталынан, Кок-Кыя Какшаал кырка тоосунун тундук капталынан башталат. Узуну (Кок-Кыя менен Ак-Сайдын кошулушунан КСРБнин чек арасына чейин) 19 км. Жалпы узундугу 345 км. Алабынын аянты 8270 км2. Какшал Ак-Суу менен кошулуп, Тарим дарыясын түзөт. Ак-Сай суусу Чатыр-Ташка чейин кенен ороон менен жайылып, андан ары кууштай баштап, Кок-Кыя кошулгандан кийин кууш, терең капчыгай аркылуу агат. Жылдык орто чыгымы 71м3/сек. Эң коп чыгымы июль—августта, азы декабрь—январда байкалат. Октябрда тартылып, май айында кире баштайт. Ири куймалары: Мүдүрүм, уз. 98 км (сол); Кок-Кыя 83 км, Терек 55км (оң). Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Чатыр-Таш, Сыцар-Жар, Ак-Талаа, Үч-Турпан, Сургун, Ак-Жар ж.б. кыштактар жайгашкан. Какшалдын алабын эзелтен бери кыргыздар мекендейт.

Какшал
Мүнөздөмө
Узундугу 345 км
бассейндин аянты 8 270 км²
Жайгашкан орду
Өлкө Калып:Өлкө желеги/Кыргызстан, Кытай

Колдонулган адабияттар түзөтүү