"Калевала" - карел-финн элинин эпосу. Перттунен ж.б. айтуучулардан жазылып алынган. Ал карел, ижор жана финн ырларынын негизинде финн илимпозу Э.Лённрот XIX кылымдын I жарымында бир түрдүу баяндоо формасына келтирген. Эпостун биринчи композициясы(32 рун). 1835-жылы, экинчиси (50 рун) 1849-жылы басылган. Эпосто элдик музыкалык аспап - кантелени ойлоп тапкан Вяйнямёйнендин, эл жыргалчылыгынын символу болгон сыйкырдуу тегирмен Сампону салган уста Ильмеринендин, баатыр Лемминкяйнендин, бадачы Куллервонун образдары жогорку көркөмдүктө түзүлгөн. "Калевала" - америкалык акын Р.Лонгфеллонун "Гайават жөнүндө ыр" поэмасынын жаралышына, эстон элинин "Калевипоэг" эпосунун кайрадан иштеп чыгышына таасири тийген. "Калевала" дүйнөнүн көп тилдерине которулган. 1949-жылы 100 жылыдк мааракеси өткөрүлгөн.