Каледон бүктөлүшү (Caledonia — Шотландиянын латынча аты) — жер кыртышынын палеозой заманында (кембрий, ордовик, силур, кээде девон мезгилдеринде) пайда болгон бүктөлүүлөрү. Тоо пайда болуу, граниттешүү процесстери жүргөн. Терминди илимге биринчи жолу француз геолог М. Бертран киргизген (1887). Каледониддерге Европа (Ирландия, Шотландия, Уэльс, Түндүк Англия, Скандинавия жарым аралынын түндүк-батыш тарабы, Шпицберген аралы), Азия (Борбордук Казакстандын батыш бөлүгү, Түндүк Теңир-Тоо, Батыш Саян, Тоолуу Алтай, Моңгол Алтайы, Кытайдын түштүк-чыгышы), ошондой эле Чыгыш Австралия (Тасмания аралы менен бирге), Түндүк жана чыгыш Гренландия, Түндүк Аппалач тоолору кирет. Урал, Жогорку Яна — Чукотка (түндүк-чыгышы), Чыгыш Аляска, Борбордук жана Түндүк Анд жана башка жерлерде кездешет. Каледон бүктөлүшү айрым жаш тоолор орун алган аймактарда да бар. Каледон бүктөлүшүнүн фазалары болуп, алгачкы каледон (алгачкы кембрий), салаир (ортоңку кембрийден акыркы кембрийдин аягына чейин), такон (акыркы ордовиктен силурдун башталышына чейин), акыркы каледон (силурдун аягынан девондун башталышына чейин), оркад (девондун орто ченинде) фазалары саналат. Алгачкы каледондо бүктөлүү цикли күчтүү жүрүп, чопо-сланецтүү (аспид), граувактуу, кээде флиштүү, карбонаттуу, спилит-кератофирлүү, диабаздуу катмарлар пайда болгон. Айрым жерлерге гипербазиттер тараган. Акыркы каледондо тоо пайда болуу процесси жүрүп, тоо арасындагы ойдуңдарга кызыл түстүү континенттик чөкмөлөр (моласстар) чөккөн. Эффузивдер менен туфтардын калың катмарлары орун алган. Айрым аймактарда геосинклиналдуу өнүгүү процесси толук аягына чыкпай калган. Четки ойдуңдар болбойт. Калийлүү граниттер аз кездешет. Ошентип каледон бүктөлүшү кийинки бүктөлүүлөрдөн кескин айырмаланат. Кыргызстанда Түндүк Теңир-Тоо каледон бүктөлүшүнөн көтөрүлгөн. Көпчүлүк кен байлыктар каледон бүктөлүшү менен тыгыз байланышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү