КалиКолумбиянын батышындагы шаар. Валье-дель-Каука департаментинин административдик борбору. Чыгыш Анд Кордильерасы кырка тоосунун чыгыш капталында, деңиз деңгээлинен 1005 м бийикте жайгашкан. Калкы 2,2 млн (2008; шаар айланасы менен); калкынын саны жана экономикалык мааниси боюнча Колумбиядагы 3-шаар. Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен курулууда.

Кали.

1536-жылы негизделген. Кафедралуу собор, чиркөө (1757—64), капелла жана мунара (экөө тең 18-кылым) сакталган. Ун-ттер, Олимпиялык спорт гимназиясы, музейлер (анын ичинен искусство, археология, тарых, заманбап искусство, алтын буюмдар коллекциясы жана башка), театрлар бар. Колумбия ири спорт борбору. Панамерика оюндары (1971), сууда сүзүү спортунун дүйнөлүк чемпионаты (1975), аялдар (1975) жана эркектер (1982) арасында баскетбол боюнча чемпионат өткөрүлгөн. Ат майдан, зоопарк бар.Тамак-аш (негизинен кант, спирт, алкоголдуу ичимдиктер, шалы акталат, ун), жеңил, текстиль, булгаары-бут кийим, цемент, хим., машина куруу (анын ичинен электр-техника, электроника), целлюлоза-кагаз, түстүү металлургия өнөр жай ишканалары иштейт. Кали — айыл чарбалуу ири аймактын борбору. Бал камыш, пахта, тамеки, какао, кофе, цитрус өсүмдүктөрү, күрүч, арпа, киноа, маниок, картөшкө айдалат. Шаардын түштүгүнөн таш көмүр казылып алынат. Чет-жакасында көптөгөн «кант асьендалары» (анын айрымдары колониялык турмушту элестеткен майда музейлерге айландырылган) сакталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү