Калибр (ченегич) - буюмдун өлчөмдөрүн, формасын жана бөлүктөрүнүн өз ара жайланышын текшерүүгө арналган шкаласыз ченөөчү аспап.

Мында Калибрдин көзөнөккө кириши жана анын беттеринин бири бирине кыналып жатышы боюнча буюмдун өлчөмдөрү текшерилет да, буюмдар жарактуу жана жараксыз деп иргелет. Бул үчүн чектүү Калибр көбүрөөк колдонулат. Ал өтмө жана өтпөс болуп бөлүнөт. Өтмө Калибр көзөнөктүн эң кичинө чектүү өлчөмү же валдын эң чоң өлчөмү боюнча жасалып, жарактуу буюмга кирет, ал эми. өтпөс Калибр көзөнөктүн эң чоң же валдын эң кичине өлчөмдөрү боюнча иштелип, жарактуу буюмга кирбейт.

Колдонулушуна жараша Калибр жумушчу, кабыл алгыч жана текшерүүчү болуп айырмаланат. Жумушчу Калибр буюмду иштеп чыгаруучу ишканада, кабыл алгыч Калибр аны заказ берген таран кабыл алганда текшерүү үчүн, текшерүүчү Калибр бул эки түрдөгү текшерүүнүн көрсөткүчтөрүн кайрадан текшерүү үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.