Калифорния булуңу - Тынч океанда, Түндүк Американын батыш жээгинде (Мексика). Узундугу 1240 км, туурасы 220 кмге чейин, Орточо тереңдиги 750 м, эң терең жери 3292 м. Аралдар көп. Колорадо дарыясы куят. Гидрологиялык режими боюнча — деңиз. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийиктиги 2,9 мге чейин). Балык (тунец, камбала, скумбрия, деңиз окуну) кармалат. Порту — Гуаймас (Мексика).

Калифорния булуңу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү