Калтар түлкү (Alopex lagopus) — карышкырлар тукумундагы сүт эмүүчү жырткыч айбанат. Дене узундугу 50—75 см, салмагы 6—10 кг, куйругунун узундугу 40 смдей. Куйругунун жүнү калың. Түсү боюнча ак жана көгүлтүр калтар түлкүгө бөлүнөт. Калтар түлкү тундра, токойлуу тундрада жашайт. Көгүлтүр калтар түлкү негизинен Командор аралында кездешет. Калтар түлкү кемирүүчүлөр (лемминг, момолой), чымчык жана алардын жумурткалары, жер-жемиш жана башка менен азыктанат. 7—12ден бачики тууйт. Калтар түлкү түндүктө куну тери промыселинин негизин түзөт. Айрыкча көгүлтүр калтар түлкү абдан баалуу. Ал куну айбанат чарбаларында капаста багылат. Калтар түлкү терисинен тон, кийимдин жакасы, тумак жана башка тигилет.

Калтар түлкү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү