Кальдира (испанча caldera, сөзмө-сөз — чоң казан) — казан сымал, капталдары тик, таманы тегиз жайык ойдуң; тегерек же сүйрү тегерек келген кенен чуңкурдук, диаметри 10—20 км, тереңдиги жүздөгөн мге жетет. Капталдары тик же көп тектирлүү. Жанар тоо өзөгүнүн (жерло) колкосуна (кратер) газдар топтолуп, жарылууга учураганда же колкодогу кесек талкаланган тектердин урап, кулап кетишинен келип чыгат. Жер бетиндеги эң ири Кальдиралардын бири — Япониядагы Асо Кальдирасы кирет. Аянты 375 км2.

Кальдира.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Калып:Volcano-stub Калып:Geo-stub Калып:Mountain-stub