Камбала сымалдар (Pleuronectiformes) — сөөктүү балыктар түркүмү, чоңунун денеси жалпак, капталынан кысылган, узундугу 6 смден 4,7 мге чейин, салмагы бир нече гдан 330 кгга чейин жетет, бакалоор жаргакчаларынын 6—7 жылчыкчалары бар. Сүзгүч тарсылдагы жок. Сүзгүчтөрүндө, адатта, тикендери болбойт. Эки көзү тең денесинин бир жагында. Баш сөөгү, жуп сүзгүчү, оозу, нервдери, ички органдары ассимметриялуу. 7 тукуму, 115 уруусу, 500 түрү Арктикадан Субантарктидага чейинки бардык океанда таралган. КМШ өлкөлөрүндө — Ы. Чыгышта 25 түрү, Ак жана Баренц деңиздеринде 9, Кара деңизде 6, Балтика деңизинде 4, Арктикада 1 түрү кездешет. Көбүнчө тайыз сууда жашайт, кээ бири дарыяга кирет. Суу түбүндө жашоочу балыктар, денесинин пигментсиз жагы суунун түбүн карайт. Камбала сымалдар деңиз түбүндөгү омурткасыздар, айрымдары балыктар менен азыктанат. Ири түрлөрү — жырткычтар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү