Камыш (Scirpus) — ыраңдар тукумундагы бир же көп жылдык өсүмдүк уруусу. Гүлү кош жыныстуу, чатырча, шыпыргы, башча топ гүлгө чогулган. Камыштын 250дөн ашык түрү, КМШ өлкөлөрүндө 25ке жакын, Кыргызстанда 6 түрү белгилүү. Мелүүн зонада, сууда, көл, дарыя жээктеринде, сазда өсөт. Айрым түрлөрү (токой камышы, түймөктүү деңиз камышы жана башка) — тоют өсүмдүгү. Токой камышы — көп жылдык, тамырсабагы кыска, андан көп жалбырактуу өркүндөрү өсүп чыгат. Сабагынын бийиктиги 40—120 см, жалбырагы узун, тасма сымал, жазылыгы 2 см. Мөмөсү — жаңгакча. Токой жана тундра зоналарында таралган. Жаш өркүндөрүн бугу жакшы жейт. Түймөктүү деңиз камышы нымдуу жерде, сазда жакшы өсөт. Жер алдындагы өркүнүнүн учунда анча чоң эмес түймөктөрү болот. Баш ала электе чабылып, силостолот. Түймөктөрү желет. Шалы талаасында — отоо чөп. Көл камышы көп жылдык, сойлоп өсүүчү тамыр-сабактуу. Көлмө түбүндө жыш өсүп, тор сымал каптап калат. Ондатра, суу келемишине тоют. Сарай жабуу, жерге төшөө, кашаа кармоо жана башкаларда кеңири колдонулат. Айрым жапыз өскөн түрлөрү кооздук үчүн өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

 
Камыш