Канада (англ. Canada [ˈkænədə] Файл тууралуу маалымат угуу; фр. Canada [kanadɑ] Файл тууралуу маалымат угуу) – Түндүк Америкадагы мамлекет. Материктин Түндүк бөлүгүн жана ага жакын жайгашкан көптөгөн аралдарды – Ванкувер, Шарлотта канышасы (батышында), Канадалык Арктика архипелагы (түндүгүндө), Ньюфаундленд, Антикости, Эдуард канзадасын (Түштүк-чыгышында) камтыйт. Түштүк-батышынан Тынч океан, түндүгүнөн Түндүк Муз океан жана анын Бофорт деңизи, чыгышынан Атлантика океаны жана анын деңиздери – Баффин, Лабрадор, ошондой эле Гудзон булуңу менен чулганат. Жээк сызыгынын узундугу 243 миң км (аралдардын жээктерин кошо; дүйнөдөгү эң узун жээк). Түштүгүндө жана түндүк-батышында кургактык аркылуу АКШ менен чектешет (чек арасынын узундугу 8,9 миң км, анын ичинде Аляска менен 2,5 миң км).

Канада
англ. Canada

Герб
Туу Герб
Урааны: «A mari usque ad mare»
Гимн: «O Canada»noicon
Негизделген Канада (Жаңы Франция) (1535—1763)
Эгемендүүлүк күнү 1 июль 1867

Улуу Британия)

Расмий тили англисче, французча
Борбор шаары Оттава 812 миң
45°24′N 75°40′W
Ири шаарлар Торонто 2,5 млн
Монреаль 1,6 млн
Калгари 988 миң
Ванкувер 578 миң
Башкаруу формасы федералдуу парламенттик конституциялык монархия
Монарх
Премьер-министр
Чарльз III
Жастин Трудо
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
2чи - дүйнөдө
9,984,670 km2 км²
11,76%
Калкы
• Бааланган (2022)
Жыштыгы

39,292,355 адам (37чи)
4,2 киши/км2 ад./км²
АДӨИ ( 2021) 0,936 (чоң) (15)
Этнохороним Канадалыктар, канадалык
Акча бирдиги Канада доллары (CAD) $
Домени .ca
ISO коду CA
ЭОК коду CAN
Телефон коду +1
Убакыт аралыгы UTC -3.5

Аянты 9984,7 миң км2 (анын ичинде ички сууларыныкы 891,2 миң км2); аянты боюнча дүйнөдө Россиядан кийинки 2-орунда. Калкы 33,1 млн (2008). Борбору – Оттава шаары Расмий тилдери – англис жана француз тилдери. Акча бирдиги – канада доллары. Канада – 10 провинциядан жана федерацияга баш ийген 3 аймактан турган федерация Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008): Канада – Бириккен Улуттар уюмуна (1945), Эл аралык Валюта Фондуна (1945), Эл аралык peконструкция жана өнүгүү банкына (1945), 1949-жылдан Түндүк Атлантика Келишим Уюмуна (НАТО), 1973-жылдан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ), Азия – Тынч океан экономикалык кызматташтыгына (1989), Америка өлкөлөрүнүн уюмуна (1990), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (1995) мүчө.

Мамлекеттик түзүлүшү түзөтүү

Канада – федеративдик мамлекет. Негизги документи Британдык Түндүк Америка жөнүндө акт (1867. 1871. 1886. 1907. 1915), Конституцициялык акт (1982) жана Вестминстер статуту (1931) эсептелет. Бaшкapуу формасы – кoнституциялык монархия. Мамлекеттин расмий башчысы – британдык монарх (1952-жылдан Елизавета II Канада королевасы титулунa да ээ). Анын милдетин Англия кopoлу Канада премьер-министринин кеңеши менен дайындаган генерал-губepнaтop аткарат. Мыйзам чыгapуу бийлиги монархка жана эки пaлaтaлуу парламентке таандык. Төмөнкү палата – Общиналар палатасы. Общиналар палатасынын дeпутaттapы жалпы шайлоодо 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Жогорку палата – Сенат. Ceнaтopлopду премьер-министрдин кеңеши боюнча гeнepaл-губepнaтop региондордон дайындайт. Аткapуу бийлиги монархка таандык бoлгoну менен өкмөт – министрлер кабинети иш жүзүнө ашырат. Министрлер кабинетин премьер-министр башкарат. Ал Общиналар палатасындагы көпчүлүк opунду ээлеген партиянын лидерин дайындайт. Өкмөт Общиналар палатасынын алдында жооптуу. Провинцияларды бaшкapуу лeйтeнaнт-губepнaтopлop тарабынан ишке ашырылат. Аларды провинциялык өкмөттүн сунушу боюнча генерал-губepнaтop дайындайт. Провинцияларда бир пaлaтaлуу мыйзам чыгapуу жыйыны иштейт. Жергиликтүү өз алдынча бaшкapуу органдарына графтык жана oкpугдук кеңештер, муниципaлитeттep кирет. Канадада негизинен көп пapтиялуу система opун алган. Саясий партиялары – Либералдар партиясы. Консерваторлор партиясы. Квебек партиясы. Жаңы демократиялык партия.

Табияты түзөтүү

 
Канада.

Жээктери Түндүк жана түндүк-чыгышында түздүктүү жана бир аз тилмеленген (айрыкча Гудзoн булуңунун жээктери). чыгышында тик, негизинен фьорддуу (Баффин жарым аралы, Лабрадор жарым аралы, Ньюфаундленд аралы), батышында тоолуу, булуңдар – фьорддор менен терең тилмеленген. Канаданын аймагынын басымдуу бөлүгү түздүктүү рельефи менен өзгөчөлөнөт; батышында жазылыгы 1000 кмге жеткен Канада Кордильерасы тоолуу тилкеси (Түндүк Америка Кордильерасынын бир бөлүгү) созулуп жатат. Бардык жеринде антропогендик муз каптоонун издери кеңири таралган. Азыркы көп жылдык тоң тоо тектери өлкөнүн жарымына жакын аймагын ээлейт. Түндүгүндөгү көп жылдык тоң текши каптаган зонадагы анын калыңдыгы 400 мге жетет. Өлкөнүн Түндүк четинде жайгашкан Канадалык Арктика архипелагынын көптөгөн аралдары кысыктардын татаал системасы менен бөлүнүп, негизинен дөбө-түздүктүү рельеф (Банкс, Виктория жана башка аралдарга) мүнөздүү. Архипелагдын чыгыш бөлүгүнүн аралдары негизинен тоолуу (бийиктиги Элсмир аралында 2926 мге жетет) жана мөңгүлүү (Элсмир, Баффин Жери, Девон, АксельХейберг жана башка). Материктин зор бөлүгүн, Лабрадор жарым аралын кошо Лаврентий дөңсөөсү ээлейт; ага дөбөлүү рельеф (Орточо бийиктиги 200–500 м), арасында бийиктиги 900–1000 мге жеткен калдык дөңсөөлөр кездешет. Мөңгүнүн аракетинен пайда болгон рельефтин формалары (кой маңдай таштар, друмлиндер жана башка), ошондой эле көлдөр жана саздар кеңири таралган. Лаврентий дөңсөөсүнүн батыш жана чыгыш чет-жакаларында ири көлдөр – Чоң Аюулуу көл, Чоң Эрксиз көл, Атабаска көлү, Виннипег, Жогорку көл, Гурон жана башка жайгашкан; алар негизинен мөңгү-тектоникалык жана мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көлдөр. Гудзон булуңунун түштүк-батыш жээгинде жазылыгы 500 кмге жеткен өтө саздуу, тегиз түздүк жайгашкан. Канада Кордильерасынын чыгыш этеги менен Лаврентий дөңсөөсүнүн аралыгында Канаданын Ички түздүктөрүнүн тилкеси (Улуу түздүктөрдүн Түндүк бөлүгү) созулуп, батыштан чыгышты карай 1000 мден 200 мге чейин жапыздайт. Катмарлуу түздүктөр, куэста жалдары, дөбөдөңсөөлөр кеңири таралган; Канада Кордильерасынын этек тоолоруна эрозиялык тилмеленүүгө өтө дуушарланган бийик түздүктөр, айрым жерлерине бедленддер мүнөздүү. Өлкөнүн түштүк-чыгышын ээлеген Түндүк Аппалачи тоолорунун (бийиктиги 1268 мге чейин, Нотр-Дам чокусу) жана Ньюфаундленд аралынын рельефинде денудациялык түздүктөр, дөңсөөлөр жа бөксө тоолор (бийиктиги 500–800 м) басымдуулук кылат. Эң түштүгүндө Онтарио жарым аралынын куэста түзүлүштөгү түздүктөрү жайгашкан. Канада Кордильерасы тоолуу алкагына эрозиялык терең тилмеленүү, реликт жана азыркы тоо-мөңгү рельефинин формалары мүнөздүү. Канада Кордильерасынын орографиясына негизинен узатасынан созулган 3 зона мүнөздүү: батыш зонасы – Ыйык Илья тоолору (бийиктиги 5951 мге чейин, Логан чокусу Канаданын эң бийик жери), Жээк кырка тоолору (3994 м, Уоддингтон чокусу); Канада Кордильерасынын Ички платолорун – денудациялык Юкон, лавалуу Фрейзер жана Нечако платолорун камтыйт; чыгыш зонасын — Маккензи жана Аскалуу тоолору түзөт (3954 м, Робсон тоосу).

Канаданын басымдуу бөлүгүнүн аймагын байыркы Түндүк Америка платформасынын Түндүк бөлүгү ээлейт. Платформанын кембрийге чейинки кристаллдык фундаменти анын Борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндө жер бетине чыгып, Канада калканын түзөт. Ал чыгышынан Каледон (Түндүк Аппалачи), түндүгүнөн Иннуит бүктөлүү структуралары (Канадалык Арктика архипелагынын Түндүк аралдары) менен чектешет. Өлкөнүн батышындагы Канада Кордильерасы мезозой-кайнозой тектоникалык структурасына таандык. Канада түрдүү кен байлыктарга бай: цинк (жалпы запасы боюнча дүйнөдө Австралиядан кийинки 2-орунда), вольфрам (Кытайдан кийинки 2-орунда), уран (Австралия, Казакстандан кийинки 3-орунда), коргошун (Австралия, АКШ, Казакстандан кийинки 4-орунда), нефть (Сауд Арабиясынан кийинки 2-орунда), газ, никель, жез, темир, алтын, калий тузу, молибден, алмаз ж. б. Канаданын аймагынын басымдуу бөлүгү субарктика жана мелүүн климаттык алкактарда, түндүк чети гана арктика алкагында жайгашкан. Климаттын сезондуулугу даана байкалат, батыштан соккон аба массасы үстөмдүк кылат, аба ырайы кескин өзгөрүп турган циклондук аракет мүнөздүү. Арктика аба массасы чыгыштагы түздүктүү аймактарга зор таасир тийгизет, ага ошондой эле кургактыкка терең (50–51о түндүк кеңдикке чейин) булуңу да өбөлгө түзөт. Январдын орточо температурасы Канадалык Арктика архипелагынын түндүгүндө –35оСден Атлантиканын жээктеринде –7... –12оСге, Тынч океандын жээктеринде 0–4оСге чейин; июлдун орточо температурасы жогорку тартипте 4оС, 18–21оС, 13–16оС. Аскалуу тоонун этектеринде (Маккензи өрөөнүндө) жайкы температура ошол эле кеңдиктердеги чыгыш аймактардан 2–6оСге жогору. Канада Кордильерасынын түштүк бөлүгүндөгү деңиз таасиринен алыс жайгашкан тоо аралык өрөөндөрдө жа этек тоолордо сутка ичиндеги орточо температура 32оСден жогору болушу мүмкүн. Жаан-чачын мол жааган жерлери – Тынч океандын жээги (2500 мм) жана Атлантика жээгиндеги аймактар (1000–1200 мм), калган жерлеринде 500 мм, арктика аралдарында 150 ммден аз. Кар катмары өлкөнүн бардык аймагында байкалат, калыңдыгы 150 см жана андан ашат (Лабрадор жарым аралында). Канаданын 70%ке жакын аймагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бышып жетилүү чегинен түндүк тарапта жайгашкан; бирок түштүк аймактарында арктика абасы киргенде үшүк жүрүшү, ошондой эле түштүк-чыгышындагы түздүктөрдө кургакчылык болушу да мүмкүн. Азыркы муздуктарынын жалпы аянты 195 миң км2, анын 146,5 км2и Канадалык Арктика архипелагында. Тоо мөңгүлөрү Ыйык Илья, Жээк жана Аскалуу тоолордо жайгашкан. Дарыя тармактары жыш. Алар негизинен кар-жамгыр сууларынан куралат, түздүктөрүндө суусу жазында кирип, Кордильерада жайында ташкындайт. Дарыяларын түштүгүндө 2,5–3 ай, түндүгүндө 8–9 ай муз каптайт. Канаданын жеринин 2/3 син түзгөн түздүктүү аймагы Атлантика жа Түндүк Муз океандарынын алаптарына кирет. Мында татаал көл-дарыя системасы түзүлүп, зор аймакта агымды пайда кылат. Алардын ирилери: Ыйык Лаврентий дарыясы. Улуу көлдөр менен кошо (Канадага анын акваториясынын 1/3и гана таандык), жалпы узундугу 3 миң кмден ашык; Финли – Пис-Ривер – Эрксиз – Макензи дарыясы Кичи Эрксиз, Атабаска, Чоң Эрксиз көлдөрү менен кошо; Боу – Саскачеван – Нельсон дарыялары Боу, Сидар, Виннипег, Виннипегосис, Манитоба, Кросс көлдөрү менен кошо. Тынч океандын алабына кирген тоолуу батыштын дарыялары адатта кыска, өрөөндөрү кууш жана терең; ирилери – Фрейзер жана жогорку агымдары Канадага таандык – Юкон, Колумбия дарыялары. Канаданын тоо жана түздүк дарыялары кеме каттоого негизинен ыңгайсыз, бирок суу энергиясына бай. Өлкөнүн жалпы гидроэнергетикалык потенциалы 50–65 млн кВт чамасында, анын 25 млн кВттан ашыгы пайдаланылат. Бардык дарыяларынын жылдык агымынын көлөмү 1207 км3. Көлдөрдүн көптүгүнөн дарыя агымдары жакшы жөнгө салынган. 200дөн ашык ири көлү бар. Түздүктөгү көлдөр негизинен реликт, мөңгүнүн аракетинен же мөңгү тектоникалык, тоо көлдөрү – тектоникалык жана мөңгү-тектоникалык кыймылдардан пайда болгон.

 

Өлкөнүн Түндүк четин (Канадалык Арктика архипелагынын Түндүк аралдарын) ээлеген арктикалык чөл зонасында сейрек эңилчек жана айрым чөп өсүмдүктөрү өсөт. Ал түштүгүрөөктө мамык чөп-эңилчектүү жана мамык чөп-бадалчалуу тундра зонасы менен алмашат. Тундра зонасы Канадалык Арктика архипелагынын Түштүк аралдарын жана материктик жээкти ээлейт. Андан түштүктө Кордильеранын этегинен Атлантиканын жээгине чейин тоң-тайга, көбүнчө таштак топурактуу токойлуу тундра жана сейрек токой зонасы созулуп жатат. Токойлуу тундра түштүктө күл, айрым жерлеринде саз топурактуу, ак жана кара карагай, америка кара карагайы (лиственница), Банкс кызыл карагайы, бальзам көк карагайы басымдуулук кылган тайга зонасы менен алмашат. Борбордук аймагынын түштүгүн токойлуу талаа жана талаа зоналары ээлейт; алардын түндүгүнө парк сымал таралган байтеректүү токой мүнөздүү, түштүгүндө кургак талаа өсүмдүктөрү (ак кылкан, грам чөбү) басымдуу. Бул аймактагы күрдүү токойдун боз, шалбаанын кара, кара жана каштан топурактары айыл чарбасында кеңири пайдаланылат. Талаа зонасынын жарымынан ашыгы айдалат. Өлкөнүн түштүк-чыгыш чет-жакасында, тайгадан түштүгүрөөк күл жана токойдун коңур топурактары мүнөздүү ийне-жазы жалбырактуу токой зонасы жатат. Мында токой салыштырмалуу жетүүгө татаал жерлерде (Аппалачи дөңсөөлөрүндө) сакталган, ал эми күрдүү топурактуу түзөң аймактары (Ыйык Лаврентий дарыясынын түздүктүү өрөөнү жана Онтарио жарым аралы) айыл чарбасында пайдаланылат же курулуш текши ээлейт. Кордильера тоолоруна топурак, өсүмдүктөрдүн бийиктик алкактуулугу мүнөздүү. Түндүгүндө өрөөндөрдүн тоо-тайга токою тоо капталдарында тоо-тайга сейрек токою менен алмашып, андан жогору тоо тундрасына өтөт. Түштүктө, ички тоолуу аймактарда өрөөндөр тоо талаасы менен капталган, ал өйдө карай тоонун токойлуу талаасы (парк токойлору), тоонун ийне жалбырактуу токою, субальп ийне жалбырактуу токою жана альп шалбаасы зоналары менен алмашат. Кордильера тоолорунун Тынч океанды караган капталдары этегинен кырларына чейин бийик өскөн жээк токойлору (бийик туя, батыш гемлогу, дугласия көк карагайы, ситхин карагайы, бийик көк карагай жана башка өтө продуктулуу түрлөрү) менен капталган. Токой өлкөнүн жалпы аянтынын 1/3 бөлүгүнөн ашыгын, ал эми өнөр-жайлык мааниси бар баалуу токой 1/4 ин ээлейт. Канадалык Арктика архипелагын жана материктин тундра зонасын карибу бугусу, мускус бодосу, ак аюу, көгүш түлкү, лемминг, арктика коёну, тундра чили, уюл үкүсү, тайганы, ошондой эле токойлуу тундраны багыш, токой бугусу, бизон, кызыл тыйын чычкан, абырган, чүткөр, коён, суусар, аюу, сүлөөсүн, кызыл түлкү, карышкыр, куну, өлкөнүн чыгыш бөлүгүндөгү ийне-жазы жалбырактуу токойду виргиния бугусу, уапити бугусу, суур, коён, жанат, боз тыйын чычкан, кызыл сүлөөсүн, түштүктөгү токойсуз аймактарды бугу, айры мүйүз антилопа, тыйын чычкандар, кандек чычкан, ач күсөн, талаа түлкүсү, кашкулак, койот мекендейт. Кордильера тоолорунда айбанаттардын бийик тоолордо жашаган түрлөрү басымдуу: тоо теке, тоо эчки, гризли аюусу, пума. Дарыялары, көлдөрү, ошондой эле жээк суулары балыкка бай.

Канаданын өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү ландшафттын антропогендик өзгөрүүсүнөн кыйла жапа чеккен (айрыкча өлкөнүн түштүгү). 21-кылымдын башталышында өлкөнүн 25%ке жакын аймагынын табияты өзгөрүүгө дуушарланган. Экологиялык эң татаал кырдаал Онтарио жарым аралынын түздүктөрүндө жана Ыйык Лаврентий дарыясынын өрөөнүндө түзүлгөн, анткени ал жерлерде Канаданын калкынын 1/2и жашап, эң ири шаарлары жана негизги өнөр-жай борборлору орун алган. Мындагы табигый жазы жалбырактуу токою айыл чарба өсүмдүктөрү жана курулуш менен алмашкан. Эң актуалдуу проблема – атмосферанын, суунун жана топурак кыртышынын булганышы; ага кислоталуу жаан-чачын да кошулат, анын жарымы АКШнын чыгыш аймактарынан келет. Көл суусунун булгануусу, балыкты ашыкча кармоо жана анын урук таштоо жайынын бузулушу, жырткыч миноганын каналдар системасы аркылуу таралып, баалуу промыселдик балыктарды (жилингир, сига) жеп салышы Улуу көлдөрдүн ихтиофаунасынын жалпы деградациясына алып келди. Натыйжада суу жээктеринде жашаган жаныбарлар популяциясы (кундуз, америка суу суусары) кыскарып, куштардын көп түрлөрү жоголуп кетти. Атлантиканын жээк сууларынын булганышы деңиз балыкчылыгынын өнүгүүсүнүн негизин түзгөн – тресканын азайышына өбөлгө түздү. Урбанизациянын күчөшүнөн калкты ичүүгө жарамдуу таза суу менен камсыз кылуу проблемасы пайда болду. Тайгадагы негизги экологиялык проблема – жыгач даярдоого жана кислоталуу жаан-чачынга байланыштуу токой массивдеринин деградациясы. Кордильера тоолорундагы бийик өскөн дарактардан жыгач көп даярдалгандыктан, токой аянты кескин кыскарууда. Өлкөдө жылына 100 млн м3 жыгач даярдалат. Тоо этегиндеги талааларда ландшафттын антропогендик өзгөрүүлөрү басымдуулук кылат. Мында айдоо жердин 60%и, жайыттын 80%и жайгашкан, кен казылып алынат, ири шаарлар жайгашкан, көптөгөн транспорттук коммуникациялар жана куурлар өтөт. Кургакчыл климаттын жана антропогендик жогорку басымдын шартында топурак кыртышынын эрозиясы, курулуш жана коммуникация үчүн тартып алынган күрдүү жерлерди жоготуу экологиялык жактан өтө коркунучтуу. Канадалык Арктикада жергиликтүү элдердин салттуу промысели (балык кармоо, деңиз промысели жана бугу чарбасы) үчүн экологиялык коркунучту атмнын жалпы циркуляциясынын натыйжасында жааган радийактивдүү заттар, ошондой эле тирүү организмдердин ткандарында топтолгон органикалык туруктуу булгагычтар түзөт. 1970-жылы кабыл алынган Арктика сууларын коргоо законуна ылайык нефть-газ кендерин казып алуу токтотулгандыгына жана Канадалык-Арктика архипелагынын кысыктары аркылуу нефть менен газды ташууга тыюу салынгандыгына карабастан, али да болсо деңиз сууларынын нефть продуктулары менен булгануу коркунучу бар; анын үстүнө Маккензи дарыясынын өрөөнүндө да нефть кендери өздөштүрүлүп жатат. Канаданын коргоого алынган табигый аймагы кургактыктын 98,3 млн гасын, жээкке жакын деңиз акваториясынын 3,8 млн гасын ээлейт (2005); анын ичинде өлкөнүн аянтынын 7%и улуттук жана провинциялык парктарга таандык. Коргоого алынган ири аймактардын көбү Түндүк тарапта жайгашкан; аларга Баффин жериндеги Вуд-Баффало (дүйнөдөгү ири парктардын бири), Ауюиттук (аянты 2 млн гадан ашык), Түндүк Юкон (1 млн га), Аскалуу тоолордун Тынч океандык капталындагы Йохо улуттук парктары кирет. Аянты эң чоң – Райдинг-Маунтин (1,332 млн га), Саутвест-Нова (1,546 млн га), ошондой эле 2000-жылдарда уюшулган Гурон көлүнүн жээгиндеги Жоржия бухтасы, өлкөнүн атлантикалык бөлүгүндөгү Фанди жана МакуаганУабишка резерваттары ЮНЕСКОнун 15 биосфералык коругуна кирет. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Вуд-Баффало, Наханни, Мигуаша, Грос-Морн улуттук парктары, Дайносор провинциялык паркы, Канада Аскалуу тоолорунун парктары, ошондой эле АКШнын аймагында жайгашкан – Клуэйн, Врангель тоолору, Ыйык Илья тоолору, Глейшер-Бей парктары жана резерваттары, Уотертон-Глейшер эл аралык тынчтык паркы кирген. Канада экологиялык коопсуздук, токой ресурстарын пайдалануу жана башкаруу боюнча эл аралык эрежени түзүү, деңиз чөйрөсүн жана жээк зоналарын коргоо боюнча маселелерди эл аралык деңгээлде курч коюуда.

Калкы түзөтүү

1901–2001-жылы Канаданын калкы дээрлик 6 эсеге (5,4 млндон 31,0 млнго чейин) өскөн. Ошого жараша жана иммигранттардын көбөйүшүнө (20-кылымда 50%ке өскөн) байланыштуу төрөлүүнүн саны да өскөн (1950-жылдардын 1-жарымында 1000 адамга 28,0 бала). 1970-жылы төрөлүүнүн азайышынан (1971-жылы 1000 адамдан 16,8 бала төрөлсө, 2007-ж. 1000 адамдан 10,8 бала төрөлгөн) калктын табигый өсүүсү да төмөндөгөн (1971-жылы 1000 тургунга 9,5 адам туура келсе, 2007-жылы 1000 тургунга 3,0 адам гана туура келген). Өлүм-житим 1000 тургунга 7,8 адам туура келген. Канаданын калкынын курактык структурасында өнүккөн башка өлкөлөргө салыштырмалуу 14 жашка чейинки балдардын саны кыйла көбөйгөндүгү (17,3%) жана 65 жаштан өткөндөрдүн саны азайгандыгы (13,4%) байкалат; эмгекке жарамдуу курактагы (15–64 жаштагы) калктын үлүшү 69,2%. Калкынын орточо жашы 39,1 жыл. Орто эсеп менен 100 аялга 98 эркек туура келет (1970-жылдарга чейин аялдарга караганда эркектер көп болгон). Адам өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 80,3 жыл (эркектердики 76,9, аялдардыкы 83,8 жыл); бул дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. 21-кылымдын башында Канаданын калкынын жалпы санынын өсүшүндө иммиграциянын мааниси зор болгон. 1991–2001-жылы Канаданын калкынын саны 3 млнго (анын 1,6 млну иммигранттар), 2006-жылдын июлунан 2007жылдын июнуна чейин 311,7 миңге (238,1 миңи иммигранттар) өскөн. 20-кылымдын 2-жарымынан иммигранттардын улуттук курамы да кыйла өзгөргөн: 1950-жылы чейин Канадага келгендердин ичинен европалыктар басымдуулук кылган (анын 25%тейи Улуу Британиялыктар болгон); 21-кылымдын башында Канадага келгендердин 60%ин азиялыктар (анын 25%тейи кытайлар), 20%тейин европалыктар, 8%тейин африкалыктар, 6%тен ашыгын Борбордук америкалыктар түзгөн. Иммигранттардын басымдуу бөлүгү – атайын адистиги бар, эмгекке жарамдуу адамдар. Ал эми калктын эмиграциясы төмөн (жылына 40–50 миң адам). Калкынын орточо жыштыгы төмөн, 1 км2 жерге 3 адам туура келет. Алар аймак боюнча өтө ар түрдүү отурукташкан: 90%и АКШ менен чектешкен тилкеде (жазылыгы 160 кмдей) топтолгон. Канадалыктардын 2/3 синен ашыгы өлкөнүн 5% аянтында, анын түштүк-чыгышында (Онтария провинциясынын түштүк-чыгышында, Квебек провинциясынын түштүк-батышында; жыштыгы 1 км2 жерге 100 адам) жашайт; анда ири шаарлардын басымдуу бөлүгү (Торонто – Оттава – Монреаль урбанизацияланган тилкеси) жайгашкан. Түндүк аймакта (өлкөнүн аянтынын 70%тейи) жашагандар (негизинен аборигендер, ошондой эле рудниктерде вахтада иштегендер) калктын 1,5%ин түзөт. Шаар калкы 80%тен ашык; айылда жашагандардын 3/4ү айыл чарба өндүрүшүндө иштебейт. Ири шаар агломерациялары: Торонто (2007-жылы калкы 6324,5 миң), Монреаль (3763,7 миң), Ванкувер (2254,4 миң), Оттава (1152,7 миң), Калгари (1140,9 миң), Эдмонтон (1031,9 миң). Канаданын калкынын 77%и христиандар, анын ичинде 43,6%и католиктер, 29,2%и протестанттык түрдүү деноминациялардын өкүлдөрү, 1,6%и православныйлар; ошондой эле 2%и мусулмандар, 1,1%и иудейлер, 1%и буддисттер, 1%и индустар жана башка.

Тарыхы түзөтүү

Канада аймагына адамдар мындан 12 миң жыл мурда отурукташа баштаган. Анын байыркы калкы эскимостор жана индейлер деп эсептелет. Палеоиндей мезгилине (11,5–8 миң жыл мурда) таандык Олд-Кроу, Блуфиш-Кейв жана башка байыркы археологиялык эстеликтер жана Гудзон булуңунун Түндүк жана түндүк-батыш жээгинде (мисалы, Дорсет маданияты), Улуу көлдөрдүн айланасында, Ыйык Лаврентий дарыясынын алабында жаңы эранын чегинде архаика (8–2 миң жыл мурда) мезгилиндеги археологиялык маданияттар, анын ичинде Вудленд мадтынын түрлөрү пайда болуп, жергиликтүү эл негизинен жер иштетип, балык кармап, карапачылык менен кесиптенишкен. 10–11 -кылымдарда Лабрадор жана Нью-фаундленд аралынын жээктерине келип, Ньюфаундлендге соода колониясын негиздөөгө аракет жасаган. Бирок жергиликтүү калктын каршылыгынан улам викингдердин бул максаты ишке ашкан эмес. Улуу географиялык ачылыштар доорунда европалык державалардын Түндүк Американы колониялаштыруусу башталган. 1497-жылы англиялык королго кызмат кылган итальян Жон Кабот Ньюфаундленд аралынын жээгине жетип, бул жерди Англия ээлиги деп жарыялаган. 1524-жылы флоренциялык Ж. Верраццано жетектеген француз экспедициясы Жаңы Шотландия жана Ньюфаундленд анын жээктерине келген. 17-кылымдын башында англичандар Гудзон жана Жеймс булуңдарынын жээктеринен орун-очок алып, континенттин түштүк-чыгышын өздөштүрө баштаган. 1534-жылы француздук деңиз саякатчысы Жак Картье Гаспе жарым аралына келип, Франция королунун жана католик чиркөөсүнүн бийлигин билдирген крест тургузуп, бул жерлер Францияга тиешелүү деп жарыялаган. 1541–42-жылы француздар индейлердин Стадакона кыштагына жакын жерге чакан колония негиздешкен. 1б05-жылы Канадада алгачкы француздук Пор-Руаяль (азыркы Жаңы Шотландия), 1608-жылы Квебек кыштагы (саякатчы, картограф жана изилдөөчү С. де Шамплейндин демилгеси менен) пайда болуп, кийин француздук колониянын (Жаңы Франция) борборуна айланган. 1608–63-жылдары француздук колонияларда Франциянын ар кайсы шаарынан келген соодагерлер жеке соода компаниялары менен биригип, колониялык саясат жүргүзүшкөн. 1627– 63-жылдары кардинал Ришелье түзгөн жеке коммерциялык Жүз акционерлер компаниясы Жаңы Францияны башкарган. Бирок колониячылардын санынын аздыгынан (3 миң кишидей) басып алган жерлер иштетилбей, ошондой эле жергиликтүү калктын, англичандар менен француздардын тирешүүлөрү француз колониячыларына киреше алып келген эмес. 1663-жылы Канадада калктын санын көбөйтүү жана француздардын таасирин күчөтүү максатында Франциянын королу Людовик XIV Жаңы Францияны королдун провинциясы деп жарыялап, колониялык администрацияга чексиз бийлик берилген. Колонияны коргоого жана тышкы иштерине губернатор, ал эми жарандык, сот акыйкаты жана каржы иштерине интендант жооптуу болгон. Жогорку Кеңеш королдун жарлыктарын таратып, колониялык соттук аппеляциялык инстанция кызматын аткарган. Жаңы Франциянын өнүгүшүнө анын биринчи губернатору Л. де Фронтенак, интендант Ж. Талон жана епископ Ф. Лаваль чоң салым кошушкан. 16-кылымдын 80-жылдарында Ньюфаундленд а. англиялык ээлик деп жарыяланып, 17-кылымдын 20-жылдарында Канадада англиялык биринчи колония (Жаңы Шотландия) пайда болгон. 17–18-кылымдарда Англия менен Франциянын Канада үчүн согуштары узакка созулган. Жети жылдык согушта (1756–63) жеңилген Франция Улуу Британияга 70 миң калкы менен Канаданы берүүгө аргасыз болуп, Квебек провинциясына айландырылган. Квебекте британдык колониялык администрация түзүлүп, француз калкы англичандарга баш ийген абалда калып, француз-католиктер бийликтен четтетилген. Түндүк Америкада көз каранды эместик үчүн болгон согуш (1775–83) башталар алдында революциялык идеялардан «коргоо» максатында англис администрациясы француз калкынын жана чиркөө өкүлдөрүнүн укуктарын кеңейткен. Бирок америкалык аскерлердин Квебектеги согуштук компаниясы (1775–76) ишке ашкан эмес. АКШ түзүлгөндөн кийин революциядан чочулаган 40 миңдей лоялист Квебек жана Жаңы Шотландия аймактарына качып барган, кийин алардын урпактары англис канадалык улуттун негизин түзгөн. 1784-жылы алар жашаган жерде өзүнчө Нью-Брансуик провинциясы пайда болгон.

18-кылымдын аягында англиялык бийлик кеңири колониялык реформа жүргүзгөн. 1791-жылдагы Конституциялык актынын негизинде Квебек аймагы этностук принцип боюнча эки провинцияга бөлүнгөн: англиялык Жогорку Канада жана француздук Төмөнкү Канада Эки провинцияда тең өкүлдүк ассамблеялар түзүлгөн. Аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу бийлик англичандардын (генерал-губернатор жана ак сөөктөрдүн) колунда болгондуктан, экономикалык жана саясий карамакаршылыктарды пайда кылып, бара-бара улуттук-боштондук кыймылга алып келген. Англия-Америка согушунан (1812–14) кийин Канаданы АКШнын басып алуу коркунучу туулуп, ошондон улам өлкөдө демократиялык реформаларды жүргүзүү жана өзүн-өзү башкаруу укугуна ээ болуу кыймылы кулач жайган. 1837–38-жылы Жогорку жана Төмөнкү Канадада Л. Ж. Папино, Р. Нельсон, У. Л. Макензи, П. Мэтьюз жана башка жетектеген куралдуу көтөрүлүш чыккан. Алар америкалык үлгүдөгү конституцияны кабыл алууну, «канадалыктардын көз каранды эместик укугун» кепилдик берүү жана башка талаптарды коюшкан. Улуу Британия куралдын күчү жана өзү аргасыз берген жеңилдик менен Канададагы бийлигин сактап калган. 1841-жылы эки провинция бир провинцияга (Канада) биригип, жалпы бир өкмөт жана эки аймактан тең бирдей сандагы депутаттардан турган шайлануучу өкүлдүк ассамблея түзүлгөн. Англис тили расмий тил болуп, англис-канадалыктар (Жогорку же Батыш Канада) аз болгонуна карабастан, алардын үстөмдүгү сакталып, француз-канадалыктар (Төмөнкү же Чыгыш Канада) административдик-аймактык автономиясынан ажыраган. 1848-жылы Канадада Болдуин–Лафонтен өкмөтү түзүлгөн. 1854-жылы Канадада реформалар (губернатордун чексиз бийлиги, француздарга болгон дискриминация, соодадагы чектөөлөр жана башка жоюлуп, жер ээлеринин феод. жеңилдиктери алынып ташталган) жүргүзүлгөн. Бул реформалар өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө жол ачкан. Канадада өнөр-жай төңкөрүшү башталып, калктын саны көбөйүп, өз алдынча болгон колонияларда бир мамлекет түзүүгө шарт түзүлгөн. АКШ мындай абалдагы колонияларга оңой эле кол салып, Улуу Британиядан тартып алмак. Ошондуктан Британиянын Түндүк Америкадагы бардык ээликтеринин биригиши үчүн кыймыл күчөгөн. 1867-ж. англиялык парламент Британиялык Түндүк Америка жөнүндө акт кабыл алып, анын негизинде 4 провинциядан (Жаңы Шотландия, Нью-Брансуик, Онтарио жана Квебек) түзүлгөн федерация Канада доминиону деп аталган. Доминиондун түзүлүшү Канаданын Британияга көз карандылыктан кутулуу жолундагы маанилүү кадам болгон. Мамлекеттик борбордоштуруу өлкөнүн жалпы улуттук базарын түзүүгө мүмкүнчүлүк берген. 1869–70-жылдары англистерге каршы француздардын Луи Риэль баш болгон көтөрүлүштөрү чыгып, бирок ийгиликсиз аяктаган. 1920–40-жылдардын ортосунда айыл чарба, электр-энергетика, нефть өндүрүшү жана өнөр-жай өнүгүп, жумушчулардын саны көбөйүп, шаарлар өсүп, Канада өнүккөн агрардык-индустриялык мамлекетке айланган. 1-дүйнөлүк согушта Канада Улуу Британия тарапта болуп, Советтик Россияга каршы интервенцияга катышкан. Англиянын Канадага таасиринин начарлашы доминиондун саясий өз алдынчалыгы үчүн күрөшүн күчөткөн. Англиянын башка доминиондорундай эле Канада Улуттар Лигасында өз алдынча өкүлдүккө ээ болгон. 1920–30-жылы Канаданын укуктары метрополия менен теңештирилген. Канада экономикасынын тышкы соодага көз карандылыгы, сыртка жалаң сырьё чыгарышы 1929– 33-жылдардагы дүйнөлүк экономикалык кризис мезгилинде өлкөнү бөтөнчө оор абалга дуушар кылган. Канадада өнөр-жай өндүрүшү токтоп, жумушчулардын саны кыскарып, эмгек акы азайган. Темир жол компаниялары мамлекеттештирилип, коомдо ар кандай социал-демократиялык уюмдар, партиялар (Канада жумушчу партиясы, Фермерлердин улуттук-прогрессчил партиясы, Жумушчулар кооперация шериктештигинин федерациясы жана башка) түзүлгөн. Премьер-министр, консерватор Р. Б. Беннеттин өкмөтү (1930–35) экономикалык кризистен чыга албай, дыйкандардын абалы начарлап, жумушчулардын көтөрүлүштөрү (1929–35) көп болгон. 1931-жылы Вестминстер статуту аркылуу Канада Улуу Британиядан саясий көз карандысыздыкка ээ болуп, Канада өкмөтүнүн компетенциясы эл аралык жана ички иштерде кеңейген. 1939-жылы Канада парламенттин чечиминин негизинде Франция жана Улуу Британиядан кийин 2-дүйнөлүк согушка кирип, гитлердик коалицияга каршы согушкан. Согуштан кийин Канаданын саясатына жана экономикасына АКШнын таасири күчөгөн, ошол эле мезгилде Англиянын позициясы начарлай баштаган. 1947-жылы Канаданын калкы өз жарандыгына ээ болушкан. Канада НАТОго кирип (1949), АКШ менен бир катар согуштук макулдашууларды түзгөн. 1950–60-жылдары өлкөдө либералдар, консерваторлор жана демократиялык партиялар түзүлгөн. Партиялар тышкы саясатта Канада менен Американын ортосундагы мамилелерди жакшыртуу жана НАТОдо Канаданын ролун жогорулатуу боюнча маселелерди караган. 1960-жылдардын аягында Канаданын ири өнөр-жай компанияларынын теңине жакыны АКШнын карамагына өткөн. Канадалыктар АКШга көз каранды болуп калуудан чочулап, экономикасын жана улуттук маданиятын өнүктүрүүгө умтулушкан. Консерваторлор партиясы прогрессивдүү консерваторлор партиясы (ПКП) болуп өзгөрүп, 1957-жылы шайлоодо жеңишке жеткен. Бул партиянын төрагасы Ж. Ж. Дифенбейкер салык саясаты жана тышкы саясат аркылуу Канаданын экономикасын өз алдынча өнүктүрүүгө (АКШдан тышкары) аракеттенген. 1958-жылы Канада АКШнын ядролук согуш куралдарын камсыздагандан баш тарткандыгы үчүн АКШ менен Канаданын ортосундагы мамиле курчуп, прогрессивдүү-консерваторлор партиясы (ПКП) оор абалга туш болгон. Анын натыйжасында ПКП шайлоодо жеңилип (1963), Б. Пирсон жетектеген Либералдар партиясы бийликке келген (1963–68). Л. Б. Пирсон тескерисинче АКШ менен «өзгөчө» жакшы мамиле түзүүгө умтулуп, натыйжада 1964-жылы Канадага ядролук куралдар алынып келинген. 1965-жылы Канада улуттук желегине ээ болгон. 1969-жылы француз тили англис тили менен тең катар расмий тил болуп калган, 1982-жылы жаңы Конституциясы кабыл алынып, Канада Улуу Британияга көз каранды болбой, өз алдынча мамлекетке айланган. 1980-жылдардан АКШ менен жакшы мамиледе. 1988-жылы эки мамлекеттин ортосунда эркин соода жүргүзүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Мурдагы СССР менен Канаданын дипломатиялык мамилелери фашисттик Германияга каршы күрөштө 1942-жылы 12-июнда түзүлгөн. Кансыз согуштун башталышы эки мамлекеттин мамилелерине терс таасир тийгизип, кийин 1950-жылдардын ортосунан соода, илимий-техникалык жана маданий байланыштар кайра өнүгө баштаган.

Чарбасы түзөтүү

Канада дүйнөдө экономикасы өнүккөн башкы өлкөлөрдүн тобуна кирет. Ички дүң продукциясынын (ИДП) жалпы көлөмү (1266 млрд АКШ доллары) боюнча Канада дүйнөдө 13-орунда; ИДПнин көлөмүн киши башына бөлүштүргөндө (38,4 миң доллар) Канада ири мамлекеттердин ичинен АКШдан кийинки орунду ээлейт. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,961 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 4-орунда). 1990-жылдардын ортосунан дүйнөдөгү алдыңкы 5 өлкөнүн бири. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 69%, өнөр-жайыныкы жана курулуштуку 29%, айыл, токой жана балык чарбаларыныкы 2% (2006). ИДПнин өсүүсү 2,5% (2007). Канаданын чарбалык системасына таасирин тийгизген негизги факторлор: АКШ менен чектеш жайгашып, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык интеграциянын туруктуу өнүгүүсү; аймагынын чоңдугу жана калкынын салыштырмалуу аздыгы; табигый ресурстарга байлыгы; капитал импортунун жана иммиграциянын маанилүүлүгү. Түндүк Америкада дүйнөдөгү эң ири аймактык чарбалык комплекс Канада менен АКШнын ортосундагы Эркин соода макулдашуусу күчүнө киргенден (1989) тез өнүгө баштады. 1994-жылдан АКШ, Канада жана Мексиканын катышуусу менен Эркин соода жөнүндө Түндүк Америка келишими (НАФТА) иштеп, Канаданын экономикасында АКШнын таасири күчөй баштады.

Өнөр жайы түзөтүү

Өнөр-жайынын эң өнүккөн тармактары: казып алуу, энергетика, түстүү металлургия, машина куруу (негизинен транспорттук), химиялык жана нефть-химиялык, токой, жыгач иштетүү жана кебез-кездеме өнөр-жайы. Казып алуу өнөр-жай – өлкөнүн негизги тармактарынын бири, негизинен экспортко багытталган (казып алынган сырьёнун 80%и сыртка сатылат) минералдык сырьёнун 60ка жакын түрүн чыгарат. Канада энергия ресурстарына болгон ички муктаждыгын толук камсыз кылат. Энергия пайдалануу структурасында нефтинин үлүшү 30,6%, табигый газдыкы 27,0%, гидроэнергияныкы 24,6%, таш көмүрдүкү 10,8%, атом энергиясыныкы 7,0% (2006). 2006-жылы 151,3 млн т нефть (дүйнөдө 8-орунда), 190 млрд м3 газ казылып алынган (дүйнөдө Россия, АКШдан кийинки 3-орунда). Нефть менен газ казып алынуучу негизги региону – Альберта провинциясы. 2006-жылы 62,9 млн т таш көмүр казылып алынган; казылып алынуучу негизги аймактары: Альберта (50%и), Британия Колумбиясы (30%и), Саскачеван (15%и) провинциялары. Канада уран рудасын казып алуу (12,6 миң т ) жана анын концентратын өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда. Дүйнөлүк урандын 30%ке жакыны Саскачеван провинциясынан казылып алынат; башка ири кендери: Мак-Артур-Ривер, Раббит-Лейк, Мак-Клин-Лейк, Сигар-Лейк (запасы боюнча дүйнөдөгү ири кендердин бири). Электр энергиясын өндүрүү боюнча (616 млрд кВт.с; 2006) Канада дүйнөлүк алдыңкы 10 өлкөнүн катарына кирет. Электр энергиясынын 62%и ГЭСтен, 20%и ЖЭСтен, 15,6%и АЭСтен, калган бөлүгү башка энергия булактарынан өндүрүлөт. Канада – электр энергияны ГЭСтен өндүрүү боюнча дүйнөлүк лидер (ГЭСтердин жалпы кубаттуулугу 67 млн кВттан ашык). Дүйнөдөгү эң ири гидрокурулуш – 8 ГЭСтен турган каскад (кубаттуулугу 16 миң МВттан ашык) Ла-Гранд дарыясында жана анын куймаларында (Квебек провинциясында) курулган. Ири ЖЭСтер жайгашкан шаарлар: Нантикок (кубаттуулугу 4000 мВттан ашык; Түндүк Америкадагы эң ири ЖЭС, көмүрдө иштейт; Онтарио провинциясында), Ламбтон (2000 МВт чамасында; көмүрдө иштейт; Квебек провинциясында), Леннокс (2140 МВт; газда иштейт; Онтарио провинциясында). Атомдук энергетика өлкөнүн өзүнүн сырьёсунда иштейт. Эң ири АЭСтери Онтарио провинциясында жайгашкан.

Металлургия — иштеп чыгуучу өнөр-жайынын негизги тармактарынын бири; жергиликтүү сырьёлордо иштеп, продукциясы негизинен экспортко чыгарылат. Темир кен таштары (17,9 млн т металл) Кэрол-Лейк (Ньюфаундленд, Лабрадор провинцияларында) жана Маунт-Райт (Квебек провинциясында) кендеринен казылып алынат; темир концентраты, окатыш, чоюн, болот, феррокуйма, прокат өндүрүлөт. Түстүү металлдардан кобальттуу жезникель, полиметалл, жез-молибден кен таштары казылып алынат. Түстүү металлдардан цинк (дүйнөдө Кытай, Австралия, Перудан кийинки 4орунда), жез, никель (Россия, Австралиядан кийинки 3-орунда), коргошун, молибден, кобальт, күмүш, селен казылып алынат. Алгачкы алюминийди өндүрүү (2,9 млн т ; Бразилия жана Австралия сырьёлорунда иштейт) маанилүү орунда; негизинен Квебек провинциясынын түштүк-чыгыш бөлүгүндө, ошондой эле Китмат шаарында өндүрүлөт. Калий тузун казып алуу (10,6 млн т ) боюнча дүйнөдө 1-орунду ээлейт; жалпысынан 10 ири кени бар; алардын негизгилери Саскачеван жана Нью-Брансуик провинцияларында. 2005-жылы 243 млн т асбест казылып алынган (Россия, Кытай жана Казакстандан кийинки 4-орунда); кендери негизинен Квебек провинциясынын Түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Алмаз казып алуу (12,3 млн т ; 2005) боюнча дүйнөдө Ботсвана, Россия жана Австралиядан кийинки 4орунда; негизги кендери: Дайавик, Экати, Жерико, Снап-Лейк.

Машина куруу өнөр-жай (иштеп чыгаруучу өнөр-жай продукциясынын наркынын 1/4 ин түзөт) негизинен транспорт каражаттарын, авиакосмос техникасын, электрондук продукцияларды, телекоммуникация жабдууларын чыгарууга адистешкен. Автомобиль куруу ишканалары (өнөр-жай продукциясынын 12,5%и) негизинен Онтарио провинциясынын Түштүк бөлүгүндө топтолгон. 2005-жылы 2,5 млн жеңил автомобиль чыгарган (продукциясынын наркы 65 млрд доллардан ашык). Жүк ташуучу оор автомобиль, шасси жана автобустар (продукциясынын наркы 3,7 млрд доллардан ашык) 35 ишканада чыгарылат. Канада авиакосмос техникаларын (аэробус, самолёт, самолёт-амфибия), ылдам жүрүүчү поезд жана темир жол кыймылдуу курамын (ылдам жүрүүчү экспресс жана анын локомотивдерин, метрополитен үчүн кыймылдуу курам) чыгарат. Электрондук өнөр-жай да тез өнүгүүдө: телекоммуникация жабдууларын, компьютер жана башка офис техникаларын чыгарат, ошондой эле кеме куруу жана кеме ремонттоо да өнүккөн. Машина куруу ишканалары, ошондой эле электр-энергетика, казып алуучу тармактар, токой өнөр-жай ишканалары үчүн жабдууларды чыгарат. Химиялык жана нефть-химия өнөр-жай өзүнүн сырьёсу менен иштейт. Органикалык синтездин (этилен, пропилен, түрдүү полимерлер, синтетикалык була, пластмасса жана башка) жана негизги химиянын түрдүү продукцияларын, минералдык жер семирткич жана башка чыгарат. Канада минералдык жер семирткич чыгарган дүйнөдөгү башкы өлкө болуп саналат; ишканаларынын 80%тен ашыгы Альберта провинциясында жайгашкан. Минералдык жер семирткичтин жарымынан көбү (86%и АКШга) экспорттолот. Токой, жыгач иштетүү жана целлюлоза-кагаз өнөр-жай үчүн токой ресурстары арбын. Токой негизинен мамлекеттик менчикте; 21-кылымдын башында 190 миң м3ге жакын жыгач, анын ичинде 150 миң м3 таарынды жана бекемдөөчү материалдар, 30 миң мЗден ашык целлюлоза үчүн жыгач даярдалган. Целлюлоза-кагаз өнөр-жай ишканалары (бардыгы 155тен ашык, көбү ири ишканалар) кагаз менен картондун түрлөрүн чыгарат (продукциясынын наркы 25 млрд доллардан ашык). Ишканаларынын 2/3 си өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүндө (ири ГЭСтерге жакын), ошондой эле Канаданын Түштүк-батышында (Британия Колумбиясынын аймагында) топтолгон. Тармактын продукциясынын негизги кардары –кийим, булгаары буюмдар жана бут кийим өндүрүштөрү Монреалда (50%тен ашыгы), ошондой эле Торонто, Ванкувер, Виннипег шаарында топтолгон.

Тамак-аш өнөр-жай негизинен өзүнүн айыл чарба сырьёлорун (эт, сүт, дан) иштетүүгө багытталган. Ошондой эле пиво, этил спиртин жана спирт ичимдиктерин (виски, ром, жин, ликёр) чыгарат. Балык иштетүүчү көптөгөн ишканалары өлкөнүн чыгыш жана түштүк-батыш жээк аймактарында жайгашкан. Канада – айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү дүйнөдөгү ири өлкөлөрдүн бири; азык-түлүктүн негизги түрлөрү боюнча ички муктаждыкты толук камсыз кылат. Агрардык продукцияны экспорттоо боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт (айыл чарба продукциясынын 1/2и экспорттолот). Канаданын агрардык секторуна – адистешүүнүн жогорку деңгээли, өндүрүшүнүн топтолушу (иштетилүүчү жердин 75%ке жакыны түштүктөгү Манитоба, Саскачеван, Альберта провинцияларындагы талааларга туура келет), механикалаштыруу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жогорулугу мүнөздүү. Айыл чарбага жарактуу жеринин аянты 68 млн га (Канаданын аймагынын 7,4%и), анын 53%и айдоо, 47%и шалбаа жана жайыт. Фермер чарбалары басымдуу (алардын саны 2006-жылы 229 миңден ашык болгон); фермерлердин 95%тен ашыгынын жеке менчик жерлери бар, калгандары жерди ижарага алып иштетет. Айыл чарба продукцияларын негизги өндүрүүчүлөр – адистешкен ири чарбалар; ферма жеринин орточо өлчөмү 300 га. Азыркы айыл чарба техникалары кеңири пайдаланылат, бирок фермалардын жеринин өтө чоңдугуна байланыштуу 1000 га жерге туура келген трактордун саны боюнча (1000 га жерге 16 трактор) жогорку өнүккөн өлкөлөрдөн өтө артта калган. Башкы тармагы – мал чарбасы (айыл чарба продукциясынын наркынын 60%тен ашыгы); анда эт жана сүт багытындагы мал, чочко, үй кушу жана кой асыралат. 2007-жылы 15,9 млн бодо мал (сааны 1,5 млн), 14,5 млн чочко, 0,6 млн кой, 660 млндон ашык үй кушу болгон. Мал чарбасы өндүргөн продукциялардын негизги түрлөрү: 7,6 млрд л сүт (каймагы менен кошо), 32,6 млн т уй эти, 1,5 млн т торпок эти, 50 млн т чочко эти, 2,2 млн т кой эти, 58 млн т дан ашык куш эти, 6,9 млрд даана жумуртка даярдалган. Териси баалуу айбанат чарбасы (продукциясынын наркы 90,2 млн доллар; 2006) жана тери промысели (31,4 млн доллар) да өнүккөн. Айбанат асыроочу фермалары негизинен суу суусарын өстүрүүгө адистешкен (негизинен суу суусарынын, ошондой эле түлкүнүн терилерин даярдайт). Ошондой эле териси үчүн калтар чычкан, куну, суусар, тыйын чычкан, койотко аңчылык кылынат.

Фермалардын көбү Канаданын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Канада буудай жыйноо боюнча (2007-жылы 26,8 млн т ) 5–6-орунду ээлейт. Жыйналган буудайдын 80%ке жакыны экспорттолот. Ошондой эле арпа, канола, жүгөрү, соя, нокот, жашылча, кара күрүч, күн карама, кара буудай жана башка да эгилет. Өлкөнүн түштүгүндөгү айрым жерлерде алма, алмурут, шабдалы, өрүк, алча, гилас өстүрүлөт; жүзүмчүлүк да өнүккөн. Накта канадалык продукт – ак чечек ширеси (2006-жылы 30 млн л өндүрүлгөн; дүйнөлүк өндүрүштүн 80%ке жакыны); ширенин 70%ке жакыны Квебек провинциясында өндүрүлөт. Айыл чарба өндүрүшүнүн башкы аймагы – Манитоба, Саскачеван, Альберта провинцияларынын Түштүк бөлүктөрү; негизги адистешүүсү – дан эгиндерин өстүрүү (буудайдын 50%тен ашыгы Саскачеван провинциясынан жыйналат); жайытта багылган эт багытындагы мал жана эт-жүн багытындагы кой чарбалары. Экинчи маанилүү аймагы — Квебек, Онтарио провинцияларынын түштүгү, анда саан уй басымдуулук кылган мал чарбасы, жашылчачылык жана бакчылык (негизинен Ниагара жарым аралында) өнүккөн. Адистешкен айыл чарба бар башка аймактар – Эдуард канзада аралы жана Нью-Брансуик провинциясы (картөшкө), Жаңы Шотландия провинциясы (Аннаполис дарыясынын өрөөнүндө канада алмасынын түшүмүнүн 10%и жыйналат), Британия Колумбиясы провинциясынын түштүгү (Оканоган дарыясынын өрөөнүндө – бакчылык жана жүзүмчүлүк, саан уй), Британия Колумбиясынын Борбордук бөлүгү (негизинен эт багытындагы мал чарбасы). Балыкчылыктын да мааниси зор. 2004-жылы 600 миң т дан ашык деңиз балыгы (негизинен треска, сельд, лосос, палтус) жана 530 миң т чамасында деңиз продуктулары (краб, омар, устрица) кармалган. Балыкчылык чыгыш провинцияларында жана батышында (кармалган балыктын 1/3 и Британия Колумбиясы провинциясына туура келет) өнүккөн. Канада – тоңдурулган балыкты экспорттоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Өлкөнүн экономикасынын ири сектору – тейлөө чөйрөсү. Эң маанилүүлөрү – финансы жана ишкердик жактан тейлөөлөр. Финансылык тейлөөлөрдү банк-кредит сектору, камсыздандыруу бизнеси, биржалар жүргүзөт. Ишкер сектору – бухгалтер-аудитор, маалымат-кеңеш берүү, инженер-техникалык, компьютердик, юридикалык жана башка боюнча тейлөөнү камтыйт. Рекреациялык тейлөөнүн жана аны менен байланыштуу мейманкана, ресторан бизнестеринин мааниси зор. 2005-жылы Канадага келген 36 млн туристтин 14,4 млну АКШлыктар; Кытайдан келген туристтердин саны тез өсүүдө. Туризмден түшкөн киреше 14 млрд долларды түзөт. Туризмдин негизги борборлору: Квебек, Монреаль, Торонто, Ванкувер. Туристтерди, ошондой эле табигый объектилер кызыктырат: Ниагара шаркыратмасы (Канаданын аймагындагы – Така сымал шаркыратманын жазылыгы 800 м, бийиктиги 48 м чамасында), Аскалуу тоолордогу Колумбия мөңгүсү, көл ландшафттары. Альберта, Британия Колумбиясы провинцияларында жайгашкан улуттук парктардагы жана коруктардагы экологиялык туризм тез өнүгүүдө. Канаданын транспорт системасынын өзгөчөлүктөрүн анын чарбасынын жана калкынын аймак боюнча жайгашуу структурасынын бөтөнчөлүгү түзөт: аянты чоң башка өлкөлөргө салыштырмалуу Канадада жүк ташуу чыгымы кыйла жогору, ал эми жүргүнчүлөрдүн каттоосунун Орточо узактыгы төмөн. Өлкөнүн түштүгүндө негизги транспорттук коридор-тилке (Атлантика менен Тынч океанынын жээктериндеги портторду байланыштырган жана жарыш жаткан бир нече темир жана автомобиль жол магистралдары) түзүлгөн. Ошол коридорду жээктей көптөгөн ири транспорт түйүндөрү жайгашып, негизги транспорт агымдары өтөт.

Автомобиль жолунун узундугу 1408,8 миң км (2006); анын 7,3%и – ылдам жүрүү үчүн автомагистралдар жана улуттук шосселер. Өлкөнүн түштүгүндөгү автомобиль жол тармактарынын негизги өзөгү – Трансканада шоссеси (Виктория, Ванкувер аралы/ паромдук катнаш – Ванкувер – Калгари – Режайна – Виннипег – Тандер-Бей – Су-Сент-Мари – Садбери – Оттава – Монреаль – Квебек – Фредериктон – Сидни Майнс / Ньюфаундленд аралына паромдук байланыш) – Чаннел-Порт-о-Баск – Сент-Жонс жана анын Торонто, Галифакс, Эдуард канзада аралына (узундугу 13 км көпүрө аркылуу) кеткен тармактары. Өлкөнүн түндүгүнө меридиан багытында: Руэн – Форт-Жорж (Квебек провинциясы); Виннипег – Гранд-Рапидс – Томпсон – Кинусао (Манитобо провинциясынын түндүгү); Саскатун – Принс-Альберт – Саутенд; Саскатун – Баффало-Нарроус (Саскачеван провинциясынын түндүгү); Эдмонтон – Форт-Мак-Марри — Битьюмаунт (Альберта провинциясынын түндүк-чыгышы) автомагистралдары кетет. Дагы башка маанилүү автомагистралдары арбын. Деңиз транспорту аркылуу сырткы сооданын кыйла бөлүгү өтөт (экспорттун 64%и, импорттун 42%и). Темир жолунун узундугу 74,6 км (2006). Темир жол тармагы трансканадалык 3 магистралдан турат: Галифакс – Квебек – Кокран – Виннипег – Саскатун – Эдмонтон – Принс-Жорж – Принс-Руперт; Квебек-Монреаль – Торонто – Садбери – Тандер-Бей – Виннипег – Режайна – Калгари – Камлупс – Ванкувер; Квебек – Монреаль – Каприол – Виннипег – Эдмонтон – Ванкувер. Торонто менен Монреалда метрополитен иштейт. Түтүк транспортунун жалпы узундугу 360 миң кмден ашык, анын 316,8 миң кми газ, 45,7 миң кми нефть жана нефть продукту өткөргүч труба. Кеме каттоо Ыйык Лаврентий жана Улуу көлдөр аркылуу өтүп (узундугу 3,8 км), Атлантика океанынын портторун деңиз кемелери Улуу көлдөрдүн порттору менен байланыштырат. Паромдук байланыштар да арбын. 1300дөн ашык аэропорту бар. Ири аэропорттору: Торонто, Ванкувер, Монреаль, Калгари, Эдмонтон. Канада товарды экспорттоо (дүйнөлүк экспорттун 3,2%и; 2006) жана импорттоо (дүйнөлүк экспорттун 2,9%и) боюнча дүйнөдө 9-орунда. Экспорт наркынын 2/ синен ашыгы (55,6%) иштеп чыгуучу өнөр-жай тармагынын продукциясына туура келет. Экспортко негизинен нефть, газ, көмүр (19,7%), автомобиль куруу өнөр-жайынын продукциялары (16,7%), металлдар жана куймалар (8,1%), токой, жыгач иштетүү жана целлюлоза-кагаз өнөр-жай продукциялары (6,3%), жалпы машина куруу продукциялары (4,9%), авиакуруу продукциялары (4,5%) чыгарылат. Импортунда иштеп чыгаруу өнөр-жай продукциялары басымдуу (78,2%; 2006); анын маанилүүлөрү: автомобиль куруу өнөр-жай продукциялары (19,2%), керектөө товарлары (13,2%), нефть (8,8%), жалпы машина куруу продукциялары (7,6%), химия жана нефтьхимия өнөр-жай продукциялары (7,3%), металлургия өнөр-жай продукциялары (6,9%), айыл чарба жана балык чарба продукциялары (6,1%). Канаданын негизги соода шериги – АКШ (ага экспорттун 79%и, импорттун 54,2%и туура келет; 2007). Башка маанилүү соода шериктери: Кытай (экспорттун 9,4%и, импорттун 2,1%и), Мексика (ирети менен 4,2% жана 1,1%), Япония (3,8% жана 2,1%), Улуу Британия (2,8% жана 2,9%), Норвегия (1,3 жана 0,8%). Канаданын сырткы соода тейлөөсүнүн экспорттук наркы 57,8 млрд доллар, импорттук наркы 71,7 млрд доллар (2006). Эң маанилүүлөрү – туристтик (экспорттун 25,4%и, импорттун 28,6%и) жана транспорттук (ирети менен 18,5 жа 23,6%) тейлөөлөр.

Маданияты түзөтүү

Канаданын билим берүү системасы бирдей эмес, башталгыч жана орто билим берүү маселеси провинция бийлигинин карамагында. Ар бир провинция өзүнүн билим берүү мыйзамдарына жана башкаруу органдарына (министрликке) ээ. Алардын ишин 1960-жылдан Канада билим берүү министрлер комитети (1967-жылдан билим берүү министрлер кеңеши) башкарат. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 4–5 жаштан тарбияланат. Толук орто билим берүү көпчүлүк провинцияларда 12, Манитобе жана Онтариодо 13, Квебекте 11 жылга созулат да, үч баскычтан турат: башталгыч мектеп – 6 жыл (Манитобеде, Онтариодо – 8 жыл), жалпы орто мектеп – 3 жыл, толук орто мектеп – 3 жыл. Окутуу өлкөнүн расмий эки тилинин биринде (англис же француз) жүргүзүлөт. Өлкөдө мамлекеттик жана конфессиялык (католиктик) мектептер бар. Канадада 175ке жакын мамлекеттик жана менчик коллежде 300 миңдей окуучу окуйт. Коллеждер, коомдук, техникалык, жалпы жана кесиптик билим берүү системаларына бөлүнөт. 100гө жакын Жогорку окуу жайлары (университет, университеттик коллеждер) 1,5 млндой студент билим алат. Белгилүү окуу жайлары: Фредериктон шаарындагы Нью-Брансуик провинциясынын университети (эң эски Жогорку окуу жайы, 1785), Торонто (1827), Оттава (1848), Лаваль (1852), Виннипег (1871), Монреаль (187б) жана башка, ошондой эле консерваториялар: Торонто (1886), Монреаль (1942), Квебек (1944) жана башка Ири китепканалары: Виннипегдеги Манитоба юридикалык (1877), Оттавадагы Канада айыл чарба (1910), элдик, академиялык, университеттик, коллеждик жана башка Архивдери: Викториядагы Британдык Колумбия (1893), Виннипегдеги Манитоба (1884), Квебектеги Квебек (1920), Галифакседеги Жаңы Шотландия (1929), Эдмонтондогу Альберта (1963), Фредериктондогу Нью-Брансуик (1968) провинциялары жана башка Канадада 2 миңден ашуун музей жана тарыхый парктар бар. Музейлери: Оттавадагы Улуттук галерея, Монреалдагы Асем өнөр музейи, Торонто көркөм галереясы, Ванкувер, Виктория, Виннипег, Квебек, Калгари, Галифакс музейлери жана башка Канаданын байыркы илимий мекемеси – Оттавадагы Канада королдук коому (1882). Анын курамына Адабият жана гуманитардык илимдер, Социалдык жана гуманитардык илимдер академия илимий-изилдөө мекемелери иштейт.

Канадада күн сайын 100дөн ашык гезиттер чыгат (2006), анын ичинде француздук 11, калгандары англис тилинде. Канаданын эң биринчи гезити 1752-жылы Жаңы Шотландияда чыккан. Ири гезиттери: англиялык «The Toronto Star» (1892-жылдан), улуттук гезиттери: англиялык «Globe and Mail» (1844), «National Post» жана башка Алгачкы журналы «The Nova Scotia Magazine and Comprehensive Review of Literature, Politics and News» (1789–92), англисче жана французча көптөгөн журналдар чыгат. Улуттук башкы кабарлар агентчилиги – Canadian Press (1917-жылы түзүлгөн). Радио уктуруу 1930-жылдардан, телекөрсөтүү 1950-жылдардан Жалпы улуттук маалыматтык радио жана теле берүүнү «Canadian Broadcasting Corporation» корпорациясы ишке ашырат.

Канада адабияты англис жана француз тилдеринде өнүгүүдө. Канадада байыртадан индейлер менен эскимостордун фольклордук салты болгон. 18-кылымдын 2-жарымынан журналистика өнүгө баштап, классикалык духтагы чыгармалар жарык көргөн. 19-кылымдын ортосунда романтизм кеңири жайылып, лирикалык поэзия (Ф. К. Гарно, Н. Обен, О. Ж. Кремази, П. Леме, А. Пуассон жана башка) өнүккөн. Прозада Ж. Мармет, Э. Руссо, Н. Бурасс, Л. Конан жана башка эмгектенген. Адабий монреаль мектебинин түзүлүшү (Ж. Шарбонно, Э. Неллиган) адабиятты жандандырган. 20-кылымдын 20–30-жылдарында Канада адабиятында реализмдин өнүгүшүнө Л. Эмондун «Мария Шанделен» романы нук салган, 20-кылымдын 2-жарымында роман жана повесть, ошондой эле драма өнүккөн.

Канаданын көркөм маданиятында жергиликтүү элдердин (индейлер менен эскимостордун), Европа жана АКШдан келген келгиндердин искусствосунун салттары сакталган. Тынч океан жээгиндеги индейлер жыгач үйлөрдү курушуп, оймо, сүрөт түшүрүп, чегүү, саймалуу кездеме токуу, жыгач жана самандан бет кеп жасоо, бугу жа багыштын жүнүнөн саймалап өрүү жана башка менен алектенишкен. Европалыктардын келиши менен Канадага Англия менен Франциянын искусствосу жайылган. 17-кылымдан француздук типтеги турак үйлөр, коомдук имараттар (госпиталдар, семинарийлер жана башка) таштан курула баштаган. 17-кылымдын ортосунда Квебекке епископ Лавалдын келиши менен Канадада чиркөөлөр (Орлеан аралында Сен-Лоран 1695; Сен-Пьер 1716; Сан-Фамий 1743—46, жана башка) салынган. 19-кылымдарда Канадада Ж. Демер, Т. Байарже жана башка архитекторлор иштеген. Англис тибиндеги имараттар 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында Дублин, Кингстон, Олд-Ирокуой шаарында таштан салына баштаган. Канаданын сүрөт өнөрүндө алгачкы ийгиликтер француздук кол өнөрчүлөрдүн ишмердиги менен байланышкан. 18-кылымдын аягында Канадада реалисттик пейзаж чеберлери (Ф. Бокур, А. Пламондон Т. Дэйвис, П. Кейн, X. Уотсон, X. Уокер, М. О. де Фуа Сюзор-Коте, М. Каллен жана башка) иштеген. 19-кылымдын 2-жарымынан анча бийик эмес үйлөрү бар түз көчөлүү жаңы шаарлар, аларда америкалык типтеги асман тиреген үйлөр пайда боло баштаган. Өнөр-жай 19-кылымдын 2-жарымы – 20-кылымдын башындагы коомдук жана ишкер комплекстерге неоклассика жана неоготика мүнөздүү. 20-кылымдын 2-жарымында интернационалдык стиль кеңири жайылган [Торонтодогу Доминион-сентер (1964–71, архитектор Л. Мис ван дер Роэ) ишкана комплекси; Оттавадагы улуттук сүрөт борбору (1964–69)]. 20-кылымдын 70-жылдарынан көп функциялуу заманбап имараттар курулууда. 20-кылымда көркөм өнөрүндө шаар жана айыл пейзажы, элдик мотивге каныккан (Ж. У. Моррис, К. Ганьон), скульптура (Ф. Лоринг), графика (Э. Сетон-Томпсон), живопись (Д. Милна), пейзаж (Э. Карр), дизайн жана элдик чыгармачылык өнүгүүдө.

Музыка жергиликтүү калк менен келгиндердин салттык музыкасынын негизинде өнүккөн. Англисканадалыктар менен француз-канадалыктардын музыкасы бири-бирине көз каранды болбой өз алдынча өнүгүүдө. 18-кылымдан чиркөө музыкасы басымдуулук кылса, 19-кылымдан опера оюндары коюла баштаган. 19-кылымдын 2-жарымынан ири шаарларда музыка өнөрү жанданып, ышкыбоздор коому түзүлүп, натыйжада улуттук музыка калыптанган. Канадада алгачкы симфониялык оркестр «Квебек гармоникалык коому» (1819), Торонто (1845–94) жана Монреалда (1875–99) филармониялык коом пайда болгон. Өлкөдө хор маданиятынын өнүгүшүнө Монреалдын Мендельсон хору (1864–94) маанилүү роль ойногон. 19-кылымдын аягында АКШ жана Европадан билим алып, ошол жакта иштеген канадалык профессионал комп-лор, музыкантаткаруучулар (Э. Альбани, Э. Готье жана башка) дүйнөгө таанымал болгон. 19-кылымда К. Лавалле, А. Контан, Г. Кутюр жана башка, 20-кылымдын 1-жарымында «Деирдра» операсын жаратуучу – X. Уиллан, 20-кылымдын 2-жарымында профессионал композиторлор Ж. Бекуит, Н. Бикфорт, Б. Матер, К. Вивье жана башка, пианисттер: Г. Гульд, О. Питерсон жана башка, ырчылар Т. Стратас, Н. Аржента, Й. Виккерс, П. Барца, жана башка пианист жана композитор М. А. Амлен, дирижёр жана виолончелист Ш. Удре, музыка изилдөөчү И. Шартье, Т. Бейли, Т. Макжи жана башка үзүрлүү эмгектенишкен. 20-кылымдын 2-жарымында Канаданын көп шаарларында консерваториялар, симфониялык оркестрлер жана опералык театрлар ачылган. Алгачкы канадалык профессионал хор коллективи «Фестивал Сингерс» (1954). «Тафельмузик» ансамбли (1979, Торонто) дүйнөгө таанылган. Канадада көптөгөн музыкалык эл аралык конкурстар жана фестивалдар өткөрүлүп турат. 1930-жылдардын башында алгачкы балет коллективдери пайда болгон. 1951-жылы Торонтодо С. Франка Канада улуттук балетти негиздеп, кийин ири балет тобуна айланган. 1957-жылы Монреалда ири канадалык балет «Людмила Ширяеванын балети» труппасынын негизинде Канада чоң балети түзүлгөн. 1959-жылы Канада улуттук балет алдында балет мектеби ачылган. Ошондой эле «Виннипег заманбап бийчилери» (1964), Торонто бий театры (1968) жана башка бий труппалары бар. 1985-жылдан Монреалда жаңы бийлердин эл аралык фестивалы өткөрүлүп турат.

Канада театр өнөрү 17-кылымдан өнүгө баштаган. 1б06-жылы Пор-Руаяль кышаарындагы «Нептун» театрында М. Лескарбонун ыр түрүндөгү «Деңиз маскасы» пьесасы коюлган. 1788-жылы Галифакс гарнизонунда өткөрүлгөн Р. Шеридандын «Ушакчылар мектеби» спектаклинде офицерлер аялдардын ролун аткарышкан. 1789-жылы Галифакста, 1820-жылы Торонтодо, 1825-ж. Монреалда, Квебекте, 1862-жылы Виктория жана Гамильтон шаарында театр курулган. Театр труппаларынын репертуарына канадалык драматургдардын (Ж. Кенель, Ч. Хевисиж, Ч. Мейр) чыгармалары кирген. 1-дүйнөлүк согушка чейин өлкөдө профессионал театрлардын көчүп жүрмө системасы кеңири тараган. 1940-жылдардын аягында ири шаарларда (Монреаль, Торонто, Оттава) профессионал театрлар иштей баштаган. Театр фестивалдары өткөрүлүп турат.

18-кылымдын аягында Канада аймагында америкалык цирк труппалары гастролго келишкен. 1984-жылы Монреалда Г. Лалиберте жетектеген алгачкы улуттук цирк «Сирк дю Солей» («Күн цирки») ачылып, 21-кылымдын башталышында трансулуттук корпорацияга айланган, бул циркте ар кайсы өлкөлөрдөн келген 500дөн ашык артист иштейт. 1993-жылы Квебекте Монреал цирк окуу жайынын (1981-жылы негизделген) бүтүрүүчүлөрү «Элуаз» жаштар циркин түзүшкөн.

Канада аймагында алгачкы фильмди 1898-жылы Т. А. Эдисондун кесиптештери тарткан. 1900-жылдары өлкөгө иммигранттарды кызыктыруу максаты менен документалдуу фильмдер тартыла баштаган. 1906-жылы Монреалда алгачкы кинотеатр ачылган. И. П. Салливен жана У. Х. Кованонун биринчи тарткан оюн фильми – «Эванжелина» (1914). 1922-жылы америкалык Р. Флаэрти эскимостордун жашоо-турмушу жөнүндө «Түндүктөгү Нанук» фильмин тарткан. 1931-жылы Канадада алгачкы «Викинг» үндүү фильми тартылган. Улуттук киноматографиянын өнүгүшүнө 1939–46-жылы Канадада иштеген англис режиссёру Ж. Грирсон чоң салым кошкон. 1943-жылы Улуттук кино кеңешинде анимация (мультипликация) секциясы негизделген. 1967-жылы кино өнүктүрүү боюнча Канада корпорациясы түзүлгөн соң, кино өндүрүшү жогорулаган. Монреал, Торонто, Ванкувер жана башка шаарында жылына Эл аралык кино фестивалдар өтөт.

Seneca College Canada түзөтүү

120 өлкөдөн келген жыйынтыктары 5500 эл аралык студенттерге үйрөтүү. Ири жана рейтинги Канадада Стейт Колледж. Теориялык билимди практикалык көнүгүүлөр бүтүргөндөн кийин дароо жумуш таба мыкты мүмкүнчүлүк берип киргизилет. Суроо-талаптын Канада эмгек рыногу дээрлик бардык эксперттер Канада Сенека Колледжи бүтүрүүчүлөрү.[1]

Жазуулар түзөтүү

  1. Seneca College Canada

Колдонулган адабияттар түзөтүү