Канария агымыАтлантика океанынын Түндүк бөлүгүнүн чыгышындагы муздак агым. Түндүк Атлантика агымынын батыш тармагы. Туурасы 400–600 км. Пиреней жарым аралын жана Африканын түндүк-батышын жээктей түндүктөн түштүктү карай агат. Суусунун температурасы февралда 12–23оС, август 19–20оС. Агымдын ылдамдыгы 0,9 – 1,82 км/саат. Суусунун чыгымы 16 млн м3/секдай; туздуулугу 36,0–36,8%о. Түштүктө Түндүк Пассат агымына өтөт (Гвинея булуңун карай бир аз багытталат).

Колдонулган адабияттар түзөтүү