Канария аралдары (испанча Islas Canarias – иттүү аралдар) – Атлантика океанындагы аралдар тобу, Африка (Марокко) жээгинен 100–120 км түндүк-батышта. Испаниянын автономия облусу. Административдик борбору — Лас-Пальмас. Аянты 7,4 миң км2. Калкы 2 млндой (2006). Негизги аралдары: Гран-Канария, Тенерифе, Фуэртевентура, Лансароте. Аралдары жанартоодон пайда болуп, базальт тоо тектеринен түзүлгөн. Өчкөн жана аракеттеги жанар тоолор (6) бар. Бийиктиги 3718 мге чейин (Тенерифе аралындагы Тейде аракеттеги жанар тоосу). Климаты субтропиктик океандык, мелүүн ысык жана кургак. Жээктеринде айлык орточо температурасы 19–22оС, жылдык жаан-чачыны 300–500 мм. Тропиктик дайыма жашыл токой жана бадал өсүмдүктөрү басымдуу. Флорасынын курамында эндемия түрлөрү арбын (ажыдаар дарагы, канария курма пальмасы, канария кызыл карагайы). Канария аралынын аймагынын 40% аянты коргоого алынган; Гарахонай (Гомер аралында) жана Тейде (Тенерифе аралында) улуттук парктары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Туризм (пляждык, спорттук, экологиялык) өнүккөн. Тропиктик дыйканчылык өнүккөн. Балык кармалат. Кышкы курорттор бар. Башкы шаарлары, ири порттору жана курорттору: ЛасПальмас (Гран-Канария аралында), Санта-Крусде-Тенерифе (Тенерифе аралында). Атлантика океанындагы маанилүү транзиттик база.

Канария аралдары.
Канария аралдары.
Лансароте.

Колдонулган адабияттар түзөтүү