Канин жарым аралыРоссиянын Европа бөлүгүнүн түндүгүндөгү түздүктүү жарым арал. Архангел облусу, Ненец автономия округунда. Ак деңиздин Түндүк бөлүгүн Баренц деңизинин Чеша булуңунан бөлөт. Аянты 10,5 миң км2. Узундугу 300 кмден ашык.

Түндүгүндөгү плато сымал Канин Камень токол тоосу (бийиктиги 241 мге чейин), түндүк-батышта аскалуу Канин Нос тумшугу менен бүтөт. Калган бөлүгүндө ойдуңдуу жайпак түздүктөр басымдуу; андагы морена дөбөдөңсөөлөрү жалдарды пайда кылат. Бардык жеринде түбөлүк тоң кездешет. Деңиз ташкыны андагы тайыз дарыялар боюнча 60 кмге чейин жогору көтөрүп, көп жерин суу каптайт (лайда). Саз жана көл көп. Накта тундра ландшафты (Канин тундрасы) мүнөздүү. Балык жана деңиз айбанаттар промыселдери, бугу чарбалары бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү