Канифоль – ачык сары түстөн кочкул күрөң түскө чейинки айнек сымал морт зат. Ийне жалбырактуу дарактары чайырынан скипидарды бөлүп алгандан кийинки калдык. К. эфирде, спиртте, бензолдо жана скипидарда жакшы, бензинде керосинде фурфуролдо начар эрийт, сууда эрибейт. 52-75оС ысытканда жумшарат; балкып эрүү t 100-1400 С; К. жана анын туундулары (эфирлери, диендик синтез продуктулары) кагаз чаптоодо, боёгуч лактарды модификациялоодо (алкид, фенол-формальдегид чайыы), самын, линолеум, синтездик каучук, электр өткөрбөөчү тетиктер өндүрүүгө колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү