Каннибализм (фр. cannibale – киши жегич ) – адам эти менен азыктануу. Алгачкы жамааттагы урууларда кеңири тараган. Тиричилик менен байланышкан каннибализм таш кылымынын байыркы стадияларында кеңири колдонулган. Бирок каннибализм үрөйдү учурган жана аномалдуу көрүнүш катары бааланат.
Анын рецидивдери өтө сейрек кездешет:
1) маданияттын өтө эле архаикалык формасы,
2) психиканын нормалдуу эместиги,
3) аманкалуу (орус. самосохранения) туюм маданий тыюу салууларды бузууга аргасыз кылган өзгөчө ачкачылык менен шартталган.

Каннибалка. Леонард Кернадин иши


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8