КаноНигериянын түндүгүндөгү шаар. Кано штатынын административдик борбору. Калкы 2,3 млн (2008); калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар (Лагос, Ибадандан кийин). Ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.

Кано.

Болжол менен 9-кылымда негизделген. Курми рыногу (16-кылым; Батыш Африкадагы эң байыркы), университеттер, коллеж, Нигерия полиция академиясы, китепканалар, музейлер бар. Кол өнөрчүлүктүн (эмалданган идиштер, темир жана күмүш буюмдар жасалат, тери ийленип, сафьян беленделет, кездемелер боёлот) ири борбору. Металл иштетүү, тамак-аш (май, эт), химиялык, текстиль, цемент жана башка өнөр-жай ишканалары иштейт. Зоопарк уюштурулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү