КантхоВьетнамдын түштүк-батышындагы борборго баш ийген шаар. Хошимин шаарынан 170 км түштүк-батышта, МеконгБассак (Хау) дарыясынын башкы салаасынын биринде жайгашкан башкы шаар. Калкы 268,7 миң (2008; агломерациясында 1,2 млн). Жолдор тоому. Деңиз порту. Аэропорту бар.

Кантхо.

1739-жылы негизделген. 1991 – 2004-жылдары Кантхо провинциясынын административдик борбору болгон. Будда пагодалары, калкыма базарлар, университет (Күрүч Илим Изилдөө институту менен) бар. Күрүчтү экспорттоо боюнча дүйнөдөгү эң ири борбор. «Чанок» жана «Хунгфу» индустрия парктары, жашылча-жемиш консерва, кант өндүрүшү, пиво кайнатуу заводдору, текстиль, кеме куруу өнөр-жай ишканалары иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү