Канцлер (немисче Kanzler) – 1) орто кылымда Европанын феодалдык өлкөлөрүндөгү королдук канцелярия менен архивди башкаруучу жогорку кызматтагы адам; 2) падышалык Россияда мамлекеттик Канцлер – жогорку жарандык чин. 1722-жылы рангдар жөнүндөгү табель боюнча Канцлер генерал-фельдмаршалдын чинине туура келген; 3) Германияда (1871–1945) рейхсканцлер – өкмөт башчысы (1934-жылдан мамлекет башчысынын укугун да ээлеген); 4) ГФР менен Австрияда федералдык Канцлер – өкмөт башчысы; 5) Улуу Британияда казыначы Канцлер – финансы министри, лорд Канцлер – лорддор палатасынын төрагасы; 6) Швейцарияда Союз Канцлери – бийлик жана башкаруу органдарынын секретариатынын жетекчиси.


Аткаруу бийлиги

Мамлекет башчы

ДиктаторМонархПрезидент

Өкмөт

Өкмөт башчысыКанцлерАткаруу бийлигинин башчысыПремьер-министрМинистрлер кабинетиМинистрликМинистр

Башкаруу формасы

Президенттик башкаруу системасыАралаш башкаруу системасыПарламенттик башкаруу системасыПарламенттик демократия (Вестминстер системасы) • Парламенттик монархияПарламенттик республика

Тизмелер

Президенттердин тизмесиМамлекет башчыларынын тизмесиӨкмөттөрдүн тизмеси

Жергиликтүү бийлик

ГубернаторМэрАкимАйыл башчы

Колдонулган адабияттар түзөтүү