Кап тоолоруАфриканын Түштүк четинде, Түштүк-Африка Республикасынын (ТАР) аймагында жайгашкан орто бийиктеги тоолор. Порт-Элизабет шаарынан (чыгышы) Олифантс дарыясынын чатына (батышы) чейин 800 кмге созулат. Жарыш жаткан бир нече кырка тоолордон (Свартберг, Лангеберг жана башка) турат; Орточо бийиктиги 1500 м, эң бийик жери 2326 м. Тектоникалык жактан герцин бүктөлүүсүнө кирет. Палеозойдун кумдук, алевролит жана кварцит тоо тектеринен түзүлгөн. Субтропиктик климаттык алкакта жайгашкан; батышында жер ортолук деңиздик климат өкүм сүрөт; тоо аралык ойдуңдарда жана түндүктөгү тоолордун ылымта капталдарында 250 ммден, тоолордун айдарым түштүк-батыш капталдарына 1000 ммге чейин жаан-чачын жаайт. Кышында кыр бөлүгүнө кар түшөт. Батышына күрөң топурактуу дайыма жашыл бадалдар (финбош) жана сейрек токой, чыгышына аралаш токой (виддрингтония), ылымта беттерге жана ички өрөөндөргө бозомуккүрөң топурактуу жарым чөл өсүмдүктөрү мүнөздүү. Флорасынын 70%и эндемиктер. Кап тоолорунун чегинде 100гө жакын табигый аймак коргоого алынган, алар – коруктар, улуттук парктар жана башка Алардын 8и Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Кап тоолору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү