Карайым тиликарайымдардын тили. Түрк тилдеринин кыпчак тобуна кирет. Карайым тили Түндүк (тракай), Түштүк (галич) жана крым диалектилерине бөлүнөт. Негизинен карачай-балкар, крымтатар, кумук, ногой тилдерине жакын. Синтаксисине славян тилдеринин таасири тийген. Карайым тили 1840-жылдан байыркы еврей, латын, славян графикасын пайдаланган. 19-кылымдын аягынан орус (Россия, Украина), латын (Литва, Польша) графикасындагы алфавитти колдонушат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү