Каракуш (лат. Aquila rapax) - шакылдактар тукумундагы алгыр куш, бүркүттөн кичине, бирок түсү окшош. Дене уз. 80смге, канатын жайганда 1,5 мге жетет. Бул түр Кыргызтсандын аймагында чанда, учуп өткөн учурда гана жолугат. Ачык талааларды мекендейт. Окумуштуулардын байкоосуна караганда К. өткөн к-дын биринчи жарымында бир топ көп болгон. Азыр бул түр жылдан жылга азаюуда. Ошондуктан К. 1975-ж. өкмөттүн чечими боюнча Кыргызстанда азайып жок болуп бара жаткан жаныбарлардын тизмесине киргизилип, коргоого алынган.

Каракуш (Aquila rapax).
Aquila rapax

Колдонулган адабияттар түзөтүү