Кара буудай (Secale) – дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жана көп жылдык чөп. Кара буудайдын 13 (жапайы жана эгилме) түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 5 түрү кезигет. Кичи жана Борбордук Азия, Иран, Ооганстан, Түштүк Кавказ жана Африканын түштүгүндө өсөт; 1 түрү буудайдын отоо чөбү катары Кавказ, Кичи жана Борбордук Азияда белгилүү; эгилме 1 түрү Жер шарынын түндүк бөлүгүндөгү өлкөлөрдө өстүрүлөт. Кара буудайдын мекени – Кавказ, Кичи жана Борбордук Азия. КМШ өлкөлөрүндө негизинен РФте (70%), Украинада (12%), ошондой эле Балтика боюндагы республикаларда, Казакстан, Грузияда эгилет. Кара буудайдын күздүк жана жаздык сорттору бар. Күздүк сорту көп эгилет. Тамыры негизинен топурактын үстүнкү катмарында жайгашкан, айрымдарыныкы 2 м тереңдикке чейин жетет. Сабагы көңдөй, бийиктиги 110–180 см, 6–7 муунактуу. Топ гүлү – татаал машак, эки жыныстуу. Даны кабыксыз, түсү көк, боз, кээде күрөң же сары. Күздүк кара буудайдын вегетация мезгили 120–150 күнгө созулат. Үрөнү 1–2оС жылуулукта өнүп, 4–5оС өсүп чыгат. Кара буудай суукка жана кургакчылыкка байымдуу. Башка эгиндерге караганда топуракты көп тандабайт. Бирок кара топурактуу жерде мол түшүм берет. Данында 18,0%ы белок, 69,1%ы углевод, 1,8%ы май, В, В, Е, РР витаминдери жана А провитамини бар. Уну нанга, акшагы жана урпагы жем катары пайдаланылат, ошондой эле спирт жана крахмал өндүрүшүнө жумшалат. Наны жыттуу, жештүү, сиңимдүү келет. Кара буудай көк кезинде сапаттуу тоют катары, саманы кагаз, целлюлоза жана башка нерселерди жасоого жумшалат, малга төшөлөт. Жапайы түрү селекция ишинде колдонулат. Кара буудай менен буудайды аргындаштырып, сапаттуу тритикале гибриди алынган. Кыргызстанда чыгарылган Кыргыз 1 сорту Ош облусунда, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, ал эми буудай-Кара буудай гибриди – Немига 2 Ысык-Көл өрөөнүндө тоют катары айдалат.

Secale cereale

Колдонулган адабияттар түзөтүү