Кара кур (Lyrurus tetrix), (Linnaeus, 1758):

эркек

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Евразиянын токойлору жана токойлуу-талаа зоналарында кеңири таралган. Кыргызстанда Чоң-Кемин жана Ысык-Көл ойдуңундагы карагайлуу токойлордо кездешет.

Жашаган аймактары түзөтүү

Карагайлуу токойлор, бөрү карагаттар жана башка бадалдардын арасында, ачык жайдаң жерлерде да кездешет.

Саны түзөтүү

Республикада саны анча көп эмес, бирок акыркы жылдары санынын өсүшүнүн тенденциясы байкалууда. Көбөйүү мезгилинде 15ке жакын особдор кездешет. 2003-жылы май айында Күнгөй Ала-Тоонун чыгыш кыркаларында узундугу 2,5 км келген маршрутта 3 эркеги менен ургаачысы кездешкен.

==Жашоо тиричилиги==(жашоо циклдары)== Каракур – полигамдуу куш. Апрел-майда көбөйүү учурунда тоонун түштүк бадалдуу бетинде эркектери чоң топту түзүшөт, ал жерге 15ке жакын особдор чогулат. Бирок, адаттагыдай алардын саны 3-5 особдон ашпайт. Көпчүлүк учурда жалгыздап жүргөн куштарды көрүүгө болот. Жумурткасын басып чыгарууга эркеги катышпайт. Ургаачысы жыныстык жагынан биринчи жылдын аягында гана жетилет. Жаратылышта каракурдун негизги душмандары карышкыр, түлкү, бүркүт, чыбый кыргый жана короочу иттер болуп эсептелет. Жумурткасы менен балапандарын майда жырткычтар, сагызгандар жана каргалар жеп жоготушат.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Карагайлуу зонада малдын оттошу.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Колго багылат.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

1985-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Аңчылык кылууга тыюу салынган. Чоң-Кемин мамлекеттик улуттук паркынын территориясында коргоого алынган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Коргоо үчүн атайын чаралар иштелип чыккан эмес.

Статусу түзөтүү

VI категория Near Threatened: R. Евразиянын территориясында 2 түрдүн бири. Кыргызстандын фаунасында тукумдун бир гана түрү. Тянңшанда анын бир түрчөсү жашайт ( L. T. mongolicus Lonnberg, 1904).

Колдонулган адабияттар түзөтүү